Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму

 

2025-жылдын 10-октябры № 12/2

 

Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндө бекитилген сметасынын үнөмдөлгөн беренелерден өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу кээ бир беренелерге жылдыруу жана тактоо жөнүндө

 

       Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму, экономика жана бюджет комиссиясынын талкуусун угуп, 2025-жылдын 10-октябрындагы протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын 20.10.2021.№123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык           

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 115-беренесине ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндө бекитилген сметасынын үнөмдөлгөн беренелерден өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу кээ бир беренелерге жылдыруу жана тактоо жагы  каралсын.

К/н

Бөлүмдөрдүн аталышы

Берененин аталышы

берене

4-квартал

көбөйтүү

азайтуу  

1

Бала бакча

Түрдүү чыгымдар

2215

165

 

2

Бала бакча

Ички ремонт

2221

 

388,4

3

Бала бакча

чарба товар

2222

220

 

4

Бала бакча

Машиналар жана жабдуулар

3112

510

 

5

Орто мектеп

 

2215

165,0

 

6

Орто мектеп

Ички ремонт

2221

380

 

7

Орто мектеп

чарба товар

2222

193,0

 

8

Экономикалык суроолор

Түрдүү чыгымдар

 2215

650,1

 

9

Экономикалык

Имараттар

3111

 

1894,7

 

 

 

 

 

 

 

суроолор

жана курулмалар

 

 

 

 

Жалпы

 

 

2283,1

2283,1

 

2. Жогорудагы акча каражатын 2025-жылдын бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Каныбек кызына милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

 

А.Б. Самиев