Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясынын
2024-жылдын 28-ноябрындагы №3
«№12 Ш.Абдыраманов жана №32 А.Жапарбаев
мектептерине жылытуу системасын жанылоо
жана терезелерин алмаштыруу үчүн акча
каражатын бөлүштурүү жөнүндө»
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу №12 Ш.Абдыраманов жана №32 А.Жапарбаев мектептеринин директорлору Э.Акматалиева жана Ж.Абдамбаевалардын маалыматтын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу №12 Ш.Абдыраманов мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 521 296 (беш жүз жыйырма бир миң эки жүз токсон алты) сом акча каражаты жана №32 А.Жапарбаев мектебинин терезелерин алмаштыруу үчүн 360 181 (үч жүз алтымыш миң бир жүз сексен бир) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовго
жүктөлсүн.
3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевге жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Кушбаков |