Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-сентябрындагы № 3546-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлоруна адистештирилген экспертизалардын айрым түрлөрүн жүргүзүү боюнча стандарттарды бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам долбоорлоруна экспертизаларды бирдей жүргүзүү аркылуу кабыл алынуучу мыйзамдардын сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлоруна адистештирилген экспертизалардын айрым түрлөрүн жүргүзүү боюнча стандарттар бекитилсин (тиркелет).
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлорун адистештирилген экспертизаларынын айрым түрлөрүн өткөрүү боюнча стандарттарды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы № 75-IV токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.А. Азыгалиевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Тургунбек уулу |