Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясынын
2024-жылдын 20-декабрындагы №2
«Сугат суу латокторун өткөрүп берүү жөнүндө»
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Терек айылындагы сугат суу латоктору ээсиз калгандыгына байланыштуу, Сузак райондук суу чарба башкармалыгына акысыз башкарууга жана тейлөөгө өткөрүлүп берилсин.
2.Кашка-Терек айылындагы сугат суу латокторун өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Абдурасуловго жүктөлсүн.
3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомду көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевге жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Кушбаков |