Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз II сессиясынын
2025-жылдын 15-январы №2/2
“Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Султамуратовдун 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуу жөнүндө”
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Султамуратовдун 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуп, талкуулап, Кара- Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Султамуратовдун 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча берген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Кубанычбек уулу Фархатка милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага: | Айтымбет уулу Э |