Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 4-сессиясы
2025-жылдын 13-январы № 4-2
Бел айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Бел айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган айылдык бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор, “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, кошумча протоколун угуп жана айыл тургундарынын билдирүүлөрүн угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексинин” 102-беренесине ылайык Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджети төмөнкү багыттар боюнча каржылансын:
- Бел айылына;
- Жаш айылынын Н.Жолдошов мектебинин ичин жасалгалоого- 250,0 сом
- Жаш айылынын көчөлөрүнө шагыл төгүү иштерине- 100,0 сом
- Карлыгач –каңды балдар бакчасына- 50,0 сом
- Жаш айылындагы ФАПка -20,0
- Жаш айылындагы көчөлөрдүн столбаларына зым чубалгыларды алууга-80,0 сом
- Сражидинова Канзада атындагы “Райхан” балдар бакчасынын ремонт иштерине 2 000 000 сом;
- Кайрагач айылына;
- Кеңеш орто мектебине- 120,0
- Ой-Талаа орто мектебине- 150,0
- Күнгөй-Нуру мектебине- 190,0
- Жоогазын балдар бакчасына- 150.0
- Күн балдары балдар бакчасына- 50,0
- Күнгөй бөлүмдөгү копүрөккө – 40,0
- Таш-Булак айылына 200,0
- Столба,зымдарга- 100,0
- Кайрагач айылынын А.Каратаев, Ы.Эргешов, Таштемир, А.Ботобеков көчөлөрүнө шагыл төшөө жана тегиздөө жумуштарына- 1 500,000
2. Бюджетин бөлүнгөн багыттар боюнча максаттуу,сарамжалдуу пайдалануусун камсыздоо жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана финансы-экономика бөлүм башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин ”бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| М. Ураимов |