Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-ноябры № 748
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин санариптештирүү чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
– 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашылган министрдин сунушу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо:
– 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“17. Министрликте министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган, алардын бири министрдин биринчи орун басары болуп саналат. Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын дайындоого сунуш министр тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен киргизилет.
Министрдин орун басарлары түздөн-түз министрге баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы министрдин сунушу жок министрдин орун басарларын ээлеген кызмат ордунан бошотууга укуктуу. Министр жок учурда анын милдеттерин аткаруу министрдин биринчи орун басарына, ал эми ал жок учурда орун басарларынын бирине жүктөлөт.”.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жободо:
– 9, 10-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9. Министрликте министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басары – Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы, министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары жана министрдин дарылоо иштери боюнча орун басары кызмат орундары түзүлгөн.
10. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз министрге баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын дайындоого сунуш министр тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен киргизилет.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу жок Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.”.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө жободо:
– 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын дайындоого сунуш министр тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен киргизилет.”.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
– 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашылган министрдин сунушу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.”.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
– 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Директордун санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын дайындоого сунуш директор тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын санариптик өнүктүрүү боюнча жетекчисинин орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен киргизилет.”.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жободо:
– 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын дайындоого сунуш министр тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен киргизилет.”.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 “Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө жободо:
– 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын дайындоого сунуш министр тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен киргизилет.”.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жөнүндө жободо:
– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
“3) Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо процессинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын ишин тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоону ишке ашыруучу.”;
– 12-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервин түзөт (коргоо, коомдук тартипти камсыз кылуу жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынан тышкары).”;
– 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 211, 212-пунктчалар менен толукталсын:
“211) мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын (коргоо, коомдук тартипти камсыз кылуу жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынан тышкары) дайындоо үчүн сунуш киргизүүгө макулдук берет;
212) мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын (коргоо, коомдук тартипти камсыз кылуу жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынан тышкары) кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу;”.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жөнүндө жободо:
– 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын дайындоого сунуш министр тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен киргизилет.”.
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 “Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жөнүндө жободо:
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын дайындоого сунуш министр тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен киргизилет.”.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 94 (3751) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |