Редакцияот 08.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын

кезектеги XVII  сессиясы

 

  2025-жылдын  8-октябры  №12

 

«Манас шаардык кеңешинин 14.04.2015-жылдагы кезектеги

XXII сессиясынын №10-токтомуна өзгөртүү

жана толуктоо киргизүү жөнүндө»

 

Манас шаарынын мэриясынын 06.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6175 сандуу каты, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XVII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.  Манас шаардык кеңешинин 14.04.2015-жылдагы кезектеги XXII сессиясынын №10-токтомунун 2-пунктундагы отундун баасы «1м3 600 сом» деген сөздөр «1м3 3000 сом» болуп өзгөртүлсүн.

2.  Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү жана жашындандыруу чарбасынын жетекчисине (И.Абдурасулов) отунду сатуудан түшкөн акча каражатын мекеменин атайын эсебине түшүрүү жагы милдеттендирилсин.

3.  Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5.    Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.     

 

 

Төрага

 

Болотов Н.Б.