Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-ноябры № 715
Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 15, 17-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы № 824 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 "Соттук реформанын алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын кодекстерине шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |