Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-ноября № 741
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Лицензия, лицензиянын тиркемеси жана (же) уруксат кагаз түрүндө же лицензиардын автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу түзүлгөн электрондук түрдө берилет.”;
– 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. Лицензиар тарабынан лицензиялоо функцияларын ишке ашыруунун жыйынтыгы лицензиардын актысы менен кагаз түрүндө жана (же) электрондук түрдө таризделет. Кабыл алынган чечим жөнүндө акт лицензиардын автоматташтырылган маалыматтык системасындагы арыз ээсинин жеке кабинетинде чечим кабыл алынган күнү жайгаштырылат жана лицензиялык иште кагаз жана (же) электрондук түрдө сакталууга тийиш.”;
– 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Лицензиар лицензияны жана (же) уруксатты көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда берүүгө укуктуу.”;
– 9-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9-глава. Лицензия, лицензиянын тиркемесин берүү жана (же) уруксат берүү үчүн документтерди кабыл алуу жана лицензиялык ишти түзүү”;
– 40-пункт “лицензия” деген сөздөн кийин “, лицензиянын тиркемелерин” деген сөздөр менен толукталсын;
– 47-пунктта:
4-пунктча “лицензия” деген сөздөн кийин “, лицензиянын тиркемелерин” деген сөздөр менен толукталсын;
6-пунктча “лицензиянын” деген сөздөн кийин “, лицензиянын тиркемесинин” деген сөздөр менен толукталсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 491-пункт менен толукталсын:
“491. Лицензия жана (же) уруксат берүү (берүүдөн баш тартуу) жөнүндө арыздарды кароо жана чечимдерди кабыл алуу лицензиар тарабынан кандайдыр бир коллегиалдуу органдарды, комиссияларды же жумушчу топторду түзбөстөн жүзөгө ашырылат, буга ушул Жобонун 31, 38, 63–68, 75, 78–82, 85-главалары кирбейт.”;
– 56-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“56. Лицензияда жана (же) уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) лицензиялоочу органдын аталышы;
2) юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы (болсо) жана уюштуруучулук-укуктук формасы, ошондой эле юридикалык дареги;
3) жеке адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары, жеке ишкерлер үчүн – жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери;
4) лицензия үчүн – иштин лицензиялануучу түрү, уруксат үчүн – иштин уруксат берилген түрү;
5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү (эгерде белгиленсе);
6) ишти жүзөгө ашыруу аймагы (эгерде аймактык чектелсе);
7) лицензия жана (же) уруксат берилген дата жана каттоо номери;
8) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
Зарыл болгон учурда лицензияда жана (же) уруксатта лицензиялык ишти түзүүчү аткарылуучу иштердин, көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси көрсөтүлөт (лицензиялык ишти түзүүчү жумуштар жана (же) кызмат көрсөтүүлөр бар болсо).”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 151-глава менен толукталсын:
“151-глава. Лицензияга тиркеме берүү
901. Лицензияга тиркеме лицензиатка төмөнкүлөр үчүн берилет:
1) иштин лицензиялануучу түрүнүн алкагында аткарылуучу иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин жана операциялардын кошумча түрлөрүн көрсөтүү, буга ушул Жобонун 31, 36, 40, 43, 44, 51–59-главалары кирбейт;
2) ишти жүзөгө ашыруунун жаңы объектинин дарегин чагылдыруу үчүн (лицензиянын бардык түрлөрү үчүн).
902. Ишти жүзөгө ашыруунун жаңы (кошумча) объектин ачууда лицензияга тиркеме алуу үчүн лицензиат лицензиарга төмөнкүлөрдү берет:
1) лицензияга тиркемени тариздөө жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо, анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
– юридикалык жак үчүн юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы жана уюштуруучулук-укуктук формасы;
– жеке жак үчүн – фамилиясы, аты жана атасынын аты;
– жаңы иш жүргүзүүчү объекттин иш жүзүндөгү дареги;
2) колдонуудагы лицензиянын көчүрмөсү;
3) жаңы объектти ачуу менен байланышкан лицензиялоочу органга мурда берилбеген, ушул Жобонун Өзгөчө бөлүгүндө каралган документтер.
903. Иштин лицензиялануучу түрлөрүнө кирген иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин жана операциялардын кошумча түрлөрүн тариздөөдө лицензияга тиркеме алуу үчүн лицензият лицензиарга төмөнкүлөрдү берет:
1) лицензияга тиркемени тариздөө жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоо, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
– лицензиат иштин лицензиялануучу түрүнүн алкагында ишке ашырууга ниеттенген иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин жана операциялардын кошумча түрлөрүнүн тизмегин;
– юридикалык жак үчүн юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы жана уюштуруучулук-укуктук формасын;
– жеке жак үчүн – фамилиясын, атын жана атасынын атын;
– иш жүргүзүү дарегин;
2) колдонуудагы лицензиянын көчүрмөсүн;
3) лицензиялоочу органга мурда берилбеген, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин жана операциялардын кошумча түрлөрүн аткаруу боюнча ушул Жобонун Өзгөчө бөлүгүндө каралган документтер.
904. Кабарлама иштин кошумча түрлөрү башталганга же жаңы объект ачылганга чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.
905. Лицензияга тиркеме берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) берилген документтерден анык эмес, бурмаланган же толук эмес маалыматтардын аныкталышы;
2) арыз ээсинин документтеринин “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбөөсү;
3) лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын четтетпөө.
906. Лицензиардын лицензияга тиркеме берүү (берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечими лицензиат тарабынан берилген документтерди талдоонун, лицензияга чейинки текшерүүнүн жыйынтыктарынын (болсо) негизинде чыгарылат.
907. Лицензиардын лицензияга тиркеме берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө актысы лицензияга чейинки текшерүү жүргүзүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде эки нускада таризделет (болсо).
908. Лицензияга тиркеме берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 1 жумуш күндүн ичинде кабыл алынган чечим жөнүндө акт тапшырылат (же арыз ээсине тапшыруу жөнүндө кабарлоо менен почта байланышы аркылуу жөнөтүлөт).
909. Ушул Жобонун 905-пунктунда аныкталган баш тартуу үчүн негиздер четтетилген учурда кабарлама ушул Жобонун 9011-пунктунда белгиленген мөөнөттө кайрадан каралууга тийиш.
9010. Арыз ээсинин мурда каралган документтери боюнча арызды кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
9011. Эгерде лицензиар кабарлама алган учурдан тартып 15 календардык күндүн ичинде лицензиянын тиркемесин берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө лицензиатка жазуу жүзүндө кабарлабаса, лицензиянын тиркемеси берилди деп эсептелет.”;
– 17-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“17-глава. Лицензияларды жана (же) уруксаттарды мамлекеттик каттоо
101. Лицензияларды жана (же) уруксаттарды мамлекеттик каттоо лицензиарлардын расмий сайттарында реестрди жайгаштыруу аркылуу жүзөгө ашырылат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана коммерциялык жашыруун сыр жөнүндө мыйзамдары менен жетүү чектелген маалыматтарды кошпогондо, ачык болуп саналат.
102. Реестрге Кыргыз Республикасында берилген лицензиялар жана (же) уруксаттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган чет мамлекеттердин лицензиарлары тарабынан берилген лицензиялар жөнүндө маалыматтар киргизилет.
103. Реестр лицензиялардын жана (же) уруксаттардын укуктук статусун ырастоочу расмий булак болуп саналат. Мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн реестрден лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматты жеке жана (же) юридикалык жактардан аталган маалыматты ырастоону кошумча талап кылбастан алууга милдеттүү.
104. Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (болсо) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруучулук-укуктук формасы, юридикалык дареги;
2) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын жашаган жери, анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары, жеке ишкерлер үчүн – жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери же патенттин номери;
3) лицензиялануучу иштин түрү жана иш-аракеттердин түрү;
4) ишти жүзөгө ашыруу аймагы;
5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү;
6) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
7) лицензия жана (же) уруксат берилген дата жана каттоо номери;
8) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтото туруунун жана кайра жаңылоонун негизи жана мөөнөтү;
9) лицензияны жана (же) уруксатты токтотуунун негизи жана датасы.”;
– 151-пункттун 2-пунктчасындагы “нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн” деген сөздөр “юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 156-пунктта:
2, 3, 4, 13, 14, 15-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
12-пунктча “дүңүнөн” деген сөздөн кийин “, чекене” деген сөздөр менен толукталсын;
– 166-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“166. Фармацевтикалык иш төмөнкүдөй иштерди аткаруудан жана/же кызматтарды көрсөтүүдөн турат:
1) дары каражаттарын өндүрүү;
2) медициналык буюмдарды өндүрүү;
3) дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды дүңүнөн (дистрибуция) сатуу;
4) дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды ташып келүү (импорттоо);
5) дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды чекене сатуу;
6) дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды даярдоо;
7) саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды сактоо жана берүү;
8) сактоо жана ташуу.”;
– 187-пунктта:
2, 8-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) дүңүнөн сатуу үчүн арыз ээсинин ветеринария жаатындагы жогорку билими, ал эми чекене сатуу үчүн ветеринария жаатындагы жогорку жана (же) атайын орто билими бар экендигин ырастаган документтин көчүрмөсү;”;
4-пункчадагы “нотариалдык жактан” деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:
“9) ветеринардык кызматтын аймактык башкармалыктары тарабынан берилген ветеринардык-санитардык корутунду.”;
– 188-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“188. Ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүнү (даярдоону) жана сатууну ишке ашырууда лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) арыз ээсинин жогорку ветеринардык билиминин, ал эми анын кызматкерлеринин жогорку ветеринардык же орто кесиптик ветеринардык билиминин, ошондой эле адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
2) адистердин квалификациясын 5 жылда 1 жолудан кем эмес жогорулатуу;
3) ветеринардык дары каражаттарын башка химиялык, биологиялык каражаттар (заттар) жана ветеринариялык эмес багыттагы препараттар менен сактоону жана сатууну болтурбоо;
4) ветеринардык дарыканаларда ветеринардык дары каражаттарын чекене жана дүң сатуу жүзөгө ашырылат;
5) ветеринардык дары каражаттарын чекене сатуу ветеринардык дары-дармек препараттарын сактоо жана берүү зоналары бөлүнгөн, башка багыттагы жайлардан обочолонгон ветеринардык дарыканаларда (жайларда) жүргүзүлөт.
Чекене сатуу жүргүзүлүүчү ветеринардык дарыкананын аянты кеминде 10 кв. метрден кем болбоого жана сактоо зонасы жана керектөөчүлөрдү тейлөө зонасы каралууга тийиш.
Ветеринардык дарыкана өзүнчө имаратта жайгашкан учурда административдик-тиричилик зонасы (кызматтык, гардероб, тамактануу үчүн, санитардык түйүн) болушу зарыл. Административдик-тиричилик зонасын кошпогондо, кампанын (кампалык жайдын) аянты 10 кв. метрден кем эмес болушу керек жана өз ара ырааттуу байланышкан кабыл алуу, сактоо жана жүктөп жөнөтүү зоналары, ошондой эле административдик-тиричилик зонасы (кызматтык, гардероб, тамактануу үчүн, санитардык түйүн) каралууга тийиш.
6) ветеринардык дары-дармек препараттарын дүңүнөн сатуу үчүн (кампа жайларында) төмөнкү талаптар коюлат:
– кампалар (кампа жайлары) ветеринардык дарыкана менен бир даректеги капиталдык курулуштардын обочолонгон турак эмес жайларында же ветеринардык дарыканадан өзүнчө жайгашышы керек;
– административдик-тиричилик зонасын кошпогондо, кампанын (кампа жайынын) аянты 20 кв. метрден кем болбоого тийиш жана өз ара ырааттуу байланышкан кабыл алуу, сактоо жана жүктөп жөнөтүү зоналары, ошондой эле административдик-тиричилик зонасы (кызматтык, гардероб, тамактануу үчүн, санитардык түйүн) каралууга тийиш;
– кабыл алуу зонасында транспорт тарасын булгануудан тазалоо үчүн зона бөлүнүшү керек;
– ветеринардык дары каражаттарын сактоо зонасынын жасалгасы (дубалдардын, шыптардын, полдордун ички беттери) жылмакай, ачык түстө болушу керек жана нымдуу тазалоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берилиши керек.
Сактоо зонасынын дубалдары жана полдору механизациялоо каражаттарынын таасирине жана жуучу дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоого туруктуу каптамаларга ээ болушу керек. Жайлардын жана жабдуулардын жыгачтан сырдалбаган беттерин пайдаланууга жол берилбейт;
– муздаткыч камерасынын болушу (муздаткыч камеранын көлөмү 1,4 куб метрден кем болбошу керек);
– стеллаждар жана шкафтар катуу жерде алардын тең салмактуулугу камсыздалгандай, алар сырткы дубалдардан 0,6–0,7 м, шыптан кеминде 0,5 м жана полдон кеминде 0,25 м аралыкта орнотулушу керек. Стеллаждар өтмөктөр жарык болгондой жайгаштырылышы керек, ал эми алардын ортосундагы аралык кеминде 0,75 метрден кем болбошу керек.
Штабелдин жол берилген бийиктиги – туруктуу тең салмактуулукту сактоо шартында орнотулган керектөө идиши бар эки-үч ярустуу поддондор.
7) ветеринардык дарыкана жайгашкан имараттын фасадында анын аталышы, таандыктыгы жана иштөө режими көрсөтүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдердеги көрнөк илинет;
8) ветеринардык дарыкананын борбордук же автономдуу жылытуусу, суу менен камсыздоосу, канализациясы, кирүүчү-чыгуучу желдетүүсү, ошондой эле өрт жана күзөт сигнализация системасы болушу керек;
9) ветеринардык дарыканада ветеринардык препараттарды сактоо үчүн стеллаждар, шкафтар, муздаткычтар, ветеринардык препараттардын массасын, көлөмүн өлчөөчү каражаттар, айлана-чөйрөнүн температурасын жана нымдуулугун каттоочу приборлор (термометрлер, психрометрдик гигрометрлер) жана санитардык-гигиеналык режимди, эмгекти коргоону, коопсуздук техникасын, өрт коопсуздугун, айлана-чөйрөнү коргоону жана товардык-материалдык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуучу башка жабдуулар жана инвентарлар, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды, жайларды жыйноо жана жабдууларды тазалоо үчүн колдонулган маркаланган инвентарларды жана материалдарды сактоо үчүн шкаф болушу керек.
Ветеринардык дары каражаттарын кабыл алуу же сактоо зоналарында сатууга тыюу салынган ветеринардык препараттарды убактылуу сактоо үчүн атайын жай же шкаф болушу керек;
10) сактоочу зонада ветеринардык дары каражаттарынын нускамасында аныкталган абанын температурасын жана нымдуулугун сактоо керек. Сактоо режимдерин текшерүү суткасына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек.
Айлана-чөйрөнүн температурасын жана нымдуулугун каттоо үчүн приборлор жайдын ички дубалдарына жылытуучу приборлордон алыс, полдон 1,5–1,7 м бийиктикте жана эшиктерден 3 м кем эмес аралыкта бекитилет. Биологиялык ветеринардык препараттарды сактоо үчүн муздаткычтарда термометр, ал эми кампаларда (кампа жайларында) психрометр болушу керек.
Ветеринардык препараттарды сактоонун температуралык-нымдуулук режимин өлчөө каражаттарынын көрсөткүчтөрү датасын, катталуучу көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү маанисин (нымдуулук үчүн: кургак жана нымдалган термометрлердин көрсөткүчтөрү, салыштырмалуу нымдуулуктун мааниси), жооптуу адамдын колун көрсөтүү менен атайын журналдарда катталышы керек.
Журналга номер коюлуп, боо өткөрүлүп байланууга жана уюмдун мөөрү менен бекитилүүгө тийиш;
11) жайлар тазалыкта кармалышы керек, жайлардын полу мезгил-мезгили менен (бирок күнүнө бир жолудан кем эмес) уруксат берилген дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу ыкма менен тазаланат.”;
– 193-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8, 9-пунктчалар менен толукталсын:
“8) лицензия алуу үчүн берилген маалыматтар өзгөргөндө (жетекчинин алмашуусу, дарегинин (юридикалык же турган жеринин), каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн, инсандыгын ырастоочу документтин жана башкалардын өзгөрүүсү) лицензиарга 10 (он) жумуш күндүн ичинде кабарлоого;
9) лицензиардын кызматкерлерине байланыш тармагындагы ишке, оператордун байланыш объекттерине, анын ичинде радиотехникалык объекттерге тиешелүү бардык документтерге жана маалыматтарга тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылууга.”;
– 196-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“196. Жергиликтүү байланышты уюштуруудагы лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын стандарттарынын, мыйзамдарынын талаптарына жана ЭЭБ сунуштамаларына ылайык тармактар аралык биригүүлөрдү уюштурууну, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын, ошондой эле трафикти өткөрүү шарттарын камсыз кылуу;
2) эгерде мындай өзгөртүүлөр тармактын кодун же географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын кодун жана/же чакырууну демилгелеген абоненттин берилүүчү номерин жана/же тиешелүү документтерде макулдашылган тармактар аралык кошулуу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрүн (тарифтерин) өзгөртүүгө алып келиши мүмкүн болсо, чакырууну демилгелеген абоненттин номеринин берилүүчү маалыматтарын баспоо, модификациялабоо же башка ыкма менен өзгөртпөө;
3) тармактар аралык туташтыруу жөнүндө келишимдерди, ошондой эле бардык толуктоолорду жана тиркемелерди аларга кол коюлган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө лицензиарга берүү;
4) авариялардын же табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтуу же жоюу, өз тармагынын ишин калыбына келтирүү жана мындай авариялардан жана кырсыктардан кийин кызмат көрсөтүүнү кайра баштоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүү;
5) шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу үчүн акысыз кошулууларды берүү;
6) абонентке келишим түзүү жана аны аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты берүү. Көрсөтүлгөн маалымат мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде (зарыл болгон учурда башка тилдерде) жалпыга маалымдоо каражаттары, маалыматтык-сурап билүү кызматтары аркылуу, ошондой эле электр байланыш операторунун сүйлөшүү пункттарында, кеңселеринде жана тейлөө борборлорунда абонентке жана (же) колдонуучуга көрсөтмөлүү жана жеткиликтүү формада акысыз жеткирилет;
7) абоненттерге жана (же) колдонуучуларга жалпыга маалымдоо каражаттары, оператордун расмий веб-сайты же sms-билдирүүлөр аркылуу электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин өзгөргөндүгү жөнүндө жаңы тарифтер киргизилгенге чейин кеминде 10 күн мурда билдирүү;
8) абоненттерге жаңы абоненттик номерди билдирүү менен алдын ала кабарлагандан кийин гана абоненттик номерлерди алмаштыруу боюнча бардык иштерди: жеке жактарга – алмаштырууга чейин 30 жумуш күндөн, юридикалык жактарга – 6 айдан кечиктирбестен жүргүзүү;
9) абонент жана (же) колдонуучу менен улуттук валютада эсептешүүлөрдү жүргүзүү;
10) жергиликтүү (жергиликтүү телефон туташтыруунун узактыгын убакытка жараша эсепке алуу системасы бар болсо (мындан ары – убакытка жараша эсепке алуу) телефондук туташтыруунун тарифтөө бирдигин 1 мүнөттөн ашык эмес белгилөө;
11) үч секунддан аз убакытка созулган телефон туташууусун телефон байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүндө эсептебөө;
12) жергиликтүү телефон байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүн эсепке алуу үчүн өз тармагында эсептөөлөрдүн автоматташтырылган системасынын болушу;
13) бузууларды жоюу мөөнөттөрү бузулган учурда тармактагы аварияга, жабдуулардын бузулушуна байланыштуу кызмат көрсөтпөгөн мезгил үчүн абоненттик төлөмдү эсептебөө же аны кайра эсептөөнү жүргүзүү;
14) кайрылууларды/даттанууларды кароо системасынын болушу;
15) доо койгон абонентке жана (же) колдонуучуга доолорду кароонун натыйжалары жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдоо. Электр байланыш оператору абоненттин жана (же) колдонуучунун дооматын негиздүү деп тапкан учурда бул доомат таанылган күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттө канааттандырылууга тийиш;
16) келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда абоненттердин жана колдонуучулардын алдында жоопкерчилик тартуу;
17) келишимди жазуу жүзүндө, эки нускада түзүү, анын бири абонентке берилет. Кызмат көрсөтүү келишими төмөнкүлөрдү камтыйт:
– электр байланыш операторунун аталышын (фирмалык аталышын), анын филиалдарынын тизмегин, алардын жайгашкан жерин жана иштөө режимин, электр байланыш операторуна берилген лицензиянын (лицензиялардын) реквизиттерин;
– электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмегин, аларды көрсөтүүнүн шарттарын жана тартибин;
– тарифтик планды;
– электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн тартибин, формасын жана системаларын;
– келишим түзүү жөнүндө арызды кароонун тартибин жана мөөнөттөрүн;
– абоненттин жана (же) колдонуучунун дооматтарын кароо тартибин;
– маалыматтык-сурап билүү кызматтарынын жана оңдоо бюросунун телефон номерлерин, бузууларды четтетүү мөөнөттөрүн.
Телефонду орнотууга арыз катталган же жергиликтүү байланыш кызматы көрсөтүлгөн күндөн тартып 30 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө төмөнкүлөр зарыл:
– арыз ээсине (арыз ээсинин каалоосу боюнча жазуу жүзүндө же оозеки түрдө) жеткиликтүүлүктү берүүнүн техникалык мүмкүндүгү болгон учурда тиешелүү мөөнөттөрдө же жергиликтүү байланыш кызматтары көрсөтүлгөн учурда телефонду орнотуу жөнүндө билдирүү;
– жеткиликтүүлүктү берүүнүн техникалык мүмкүндүгү болбогон учурда куруу-монтаждоо иштеринин калькуляциясын берүү жана арыз ээсине аларды аткаруунун наркы жөнүндө билдирүү.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 2001-пункт менен толукталсын:
“2001. Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүдө лицензиялык талап болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежелеринин аткарылышын камсыз кылуу саналат.”;
– 204-пунктта:
5-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
10-пунктчадагы “ички жапкычтарынын жана темир торлордун” деген сөздөр “жапкычтардын жана/же торлордун” деген сөздөргө алмаштырылсын;
15, 16, 18–22-пунктчалардагы “терроризмди”, “террористтик ишти” жана “терроризмди (экстремизмди)” деген сөздөр “кылмыштуу ишти” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 213-пункттун 9-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 240-пункттун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8) ири габариттүү мүлктү күрөөгө алуу ниети болгон учурда менчик укугунда же пайдалануу укугунда аянты 100 (жүз) кв. метрден кем эмес аянты менен аймагы бар экендиги жөнүндө документтин юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кошумча берилет.”;
– 241-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4) менчик укугунда же пайдалануу укугунда аянты 100 (жүз) кв. метрден кем эмес аянты менен аймагы бар экендиги жөнүндө документтин юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.”;
– 37, 39-главалар күчүн жоготту деп таанылсын;
– 264-пунктта:
1-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пунктчада:
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
үчүнчү абзацтагы “, терапевт” деген сөздөр алып салынсын;
– 270-пункттун 6-пунктчасынын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 271-пункттун 3-пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 273-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) юридикалык жактын статусунун болушу;”;
4-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
“5) жумушчу жана жетекчи персоналдын соттуулугу болбошу керек, тиешелүү медициналык адистердин оң корутундусу болушу керек.”;
– 274-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
“6) жумушчу жана жетекчи персоналдын соттуулугунун жоктугу, ошондой эле тиешелүү медициналык адистердин оң корутундусунун болушу.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 2761-пункт менен толукталсын:
“2761. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соодалоо жана бөлүштүрүү боюнча лицензиялык иш төмөнкүдөй жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат:
1) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу;
2) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду өндүрүү;
3) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду даярдоо;
4) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду кайра иштетүү;
5) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо;
6) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду берүү;
7) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сатуу;
8) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сатып алуу;
9) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду пайдалануу;
10) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду соодалоо;
11) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду бөлүштүрүү.”;
– 286-пунктта:
3-пунктчадагы “нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн” деген сөздөр алып салынсын;
4-пунктчадагы “нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же” деген сөздөр алып салынсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 3771-пункт менен толукталсын:
“3771. Өрткө каршы автоматташтыруу системаларын долбоорлоого, өрткө каршы автоматташтыруу каражаттарын монтаждоого, жөндөөгө жана оңдоого, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо боюнча иштерди жүргүзүүгө, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун баалоого, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоого лицензиялык иш төмөнкү жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат:
1) өрткө каршы автоматташтыруу системаларын долбоорлоо;
2) өрткө каршы автоматташтыруу каражаттарын монтаждоо, жөндөө жана оңдоо;
3) материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо боюнча иштерди жүргүзүү;
4) коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун баалоо;
5) өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо.”;
– 61-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“61-глава. Билим берүү ишин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
380. Юридикалык жактардын билим берүү иши лицензияланууга тийиш (жалпы (башталгыч, негизги жана орто) билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан; өзгөчө статуска ээ болгон жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынан; автомектептердин жана тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын ишин кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынан тышкары).
Билим берүү чөйрөсүндөгү лицензиялык иш билим берүүнүн төмөнкү деңгээлдерине ылайык келген билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүдөн турат:
– жалпы билим берүү (башталгыч, негизги, орто);
– кесиптик билим берүү (башталгыч, орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки);
– кошумча билим берүү (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык лицензияланууга тийиш болгон).
381. Билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча билим берүү ишине лицензия:
– жалпы (башталгыч, негизги, орто) билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү, ошондой эле балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билим берүү башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет;
– кесиптик (орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки) билим берүү жана адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча кесиптик билим берүү жогорку, орто, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча билим берүү, илим, инновацияларды өнүктүрүү, илимий-техникалык жана инновациялык иш, интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет;
– транспорт каражаттарынын (автомектептердин) айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
382. Билим берүү ишине лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
383. Билим берүү ишине лицензия алуу үчүн арыз ээси ушул Жобонун 30-пунктунда саналып өткөн документтерге кошумча төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:
1) төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрүн:
– юридикалык жактын уставынын;
– имараттарга жана жайларга менчик, ыкчам башкаруу же ижара укугун ырастоочу документтин;
– санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын имараттардын жана жайлардын санитардык ченемдерге жана эрежелерге ылайык келиши жөнүндө акт түрүндөгү корутундусунун;
– имараттардын жана жайлардын өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келиши жөнүндө өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунун;
– арыз ээси тарабынан бекитилген лицензиялануучу билим берүү программасы боюнча окуу планынын;
2) төмөнкүдөй маалыматтарды:
– билим берүү ишин жүргүзүү үчүн имараттардын жана жайлардын болушу жөнүндө;
– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын билим алуусу үчүн атайын шарттардын болушу жөнүндө;
– билим берүү ишин окуу-методикалык жактан камсыз кылуу жөнүндө;
– билим берүү ишин кадрлар менен камсыз кылуу жөнүндө;
3) макулдашуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу:
– дин иштери боюнча – диний уюмдар (бирикмелер) бир диндин башка динден артыкчылыгын пропагандалоонун, диндерди сындоонун, этностор аралык жана конфессиялар аралык кастыкка чакыруунун, билим берүү программасынын мазмунундагы радикализмдин, экстремизмдин, билим берүү ишин кадрдык жана окуу-методикалык жактан камсыз кылуунун белгилери жок экендиги боюнча;
– саламаттык сактоо чөйрөсүндө медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоо жөнүндө, клиникалык базанын ушул Жобо менен белгиленген талаптарга ылайык келиши жөнүндө.
Ушул пункттун 2, 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтарды берүүнүн формалары ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча лицензиар тарабынан бекитилет.
Берилген документтердин укуктуулугу, аныктыгы жана тууралыгы үчүн жоопкерчилик арыз ээсине жүктөлөт.
384. Лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) арыз ээсинин билим берүү ишинин арыз ээсинин уставында аныкталган максаттарга жана иштин түрлөрүнө ылайык келиши;
2) жалпы (башталгыч, негизги, орто) билим берүү, кошумча билим берүү жана баштапкы кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн менчикте же ыкчам башкарууда, же ижарада же акысыз пайдаланууда турган, санитардык ченемдерге жана эрежелерге, өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген имараттардын жана жайлардын болушу. Имараттарды жана жайларды ижарага алуу мөөнөтү кеминде 2 жылды түзүшү керек. Билим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн пайдалуу аянттын камсыздалуусу бир билим алуучуга 2 кв. метрден кем болбошу керек;
3) кесиптик (орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки) билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн менчик, ыкчам башкаруу укугундагы санитардык ченемдерге жана эрежелерге,өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген жабдылган имараттардын жана жайлардын болушу. Кошумча түрдө менчикте, ыкчам башкаруу укугунда турган аянттардан ашпаган турак эмес имараттарды жана жайларды 3 жылдан кем эмес мөөнөткө акысыз пайдаланууга же ижарага алууга жол берилет.
Кесиптик жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн менчик же ыкчам башкаруу укугунда, же болбосо кеминде 3 жылдык мөөнөткө ижарада же акысыз пайдаланууда турган, санитардык ченемдерге жана эрежелерге жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген имараттардын жана жайлардын болушу зарыл. Билим берүү ишин жүргүзүү үчүн бир билим алуучуга пайдалуу аянттын камсыздалуусу кеминде 3 кв. метр болушу керек.
Орто жана жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн бир билим алуучуга эсептелген пайдалуу аянттын камсыздалуусу мамлекеттик билим берүү стандарттары боюнча аныкталат.
Ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык белгиленген минималдуу талаптардан төмөн болбогон кесиптик орто, кесиптик жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана кошумча кесиптик медициналык жана фармацевтикалык билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн клиникалык базанын болушу.
Мында мамлекеттик билим берүү уюмдары үчүн клиникалык база саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
Жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик медициналык билим берүүнүн мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары менчик же ыкчам башкаруу укугунда көп профилдүү клиникалык базага, медициналык жана фармацевтикалык ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензияга ээ болууга тийиш.
Мамлекеттик эмес орто жана кошумча кесиптик медициналык жана фармацевтикалык билим берүү уюмдарына медициналык жана фармацевтикалык ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензияга ылайык келген клиникалык базаны ижарага берүүгө жол берилет.
4) атайын шарттардын болушу (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн окуу программаларын ишке ашырган билим берүү уюмдары үчүн (адаптацияланган окуу программаларынын, атайын окуу китептеринин, окуу куралдарынын жана дидактикалык материалдардын, окутуунун техникалык каражаттарынын, пандустардын жана имараттагы кеңейтилген эшиктердин);
5) билим берүү ишин мамлекеттик билим берүү стандарттарына же предметтик стандарттарга ылайык билим берүү программалары боюнча жүргүзүү үчүн окуу-методикалык базанын болушу;
6) лицензиялануучу билим берүү программалары боюнча арыз ээси тарабынан бекитилген окуу пландарынын болушу;
7) кадрлардын (педагогдордун) болушу, алардын саны жана квалификациясы мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык билдирилген билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууну камсыздайт. Кошумча билим берүү жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү үчүн – билим берүү программаларынын талаптарына ылайык билдирилген билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууну камсыздоочу педагогикалык кадрлардын саны жана квалификациясы;
8) негизги кызматкерлер менен камсыз кылуу (педагогдордун жалпы санынан пайыз менен):
– жалпы (башталгыч, негизги жана орто) билим берүү үчүн – 60 %дан кем эмес;
– башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык;
– жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү үчүн – 50 %дан кем эмес;
– кошумча билим берүү үчүн – 50 %дан кем эмес.
Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларынын октутуучуларынын жалпы санына карата илимий даражасы жана/же илимий наамы бар окутуучулардын үлүшү – 90 %дан кем эмес;
9) дин иштери жана/же саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арыз ээсине билим берүү ишине лицензия берүүгө макулдугун ырастаган корутундусунун болушу.
385. Арыз ээси билим берүү ишин жүргүзүү үчүн ушул Жобонун 384-пунктунда аныкталган лицензиялык талаптарды аткаруу менен катар транспорт каражаттарынын (автомектептердин) айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык кошумча лицензиялык талаптардын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.”;
– 62-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
– 63-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“63-глава. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга уруксат берүүнүн өзгөчөлүктөрү
389. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга уруксат айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
Уруксат берүүдө айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан жүргүзүлгөн жана берилген ар жылдык мониторингдин натыйжаларын эске алууга милдеттүү.
390. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде илимий максаттарда алып коюуга уруксат алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) жапайы өсүмдүктөрдү чогултууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын оң илимий корутундусу;
2) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу укугуна ЖӨБО же токой чарбалары менен түзүлгөн келишим. Келишимде тараптардын жерлерди рекультивациялоо боюнча укуктары/милдеттери көрсөтүлүшү керек;
3) илимий максаттарда атайын пайдаланууга өтүнмөлөр (арыздар) илимий органдардан/уюмдардан кабыл алынат жана илимий-изилдөө иштеринин планы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий корутундусу болгон учурда каралат;
4) өткөн сезондо жыйнаган жана камдаган жаратылышты пайдалануучунун өсүмдүктөрдү жыйноонун жыйынтыктары жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, алардын өсүү чөйрөсүн сарамжалдуу пайдалануу, коргоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө отчету (бар болсо).
391. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алып коюуга уруксаттын негизинде өз ишин жүргүзгөн өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануучулар жыйым аяктагандан кийин айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү иш боюнча маалыматты камтыган белгиленген формадагы отчетту берет. Илимий максатта уруксат алган колдонуучулар илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын берет.
3911. Кыргыз Республикасынын аймагында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануунун лимити өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жапайы объекттеринин туруктуу өсүшүн камсыз кылуучу жаратылыш чөйрөсүнөн жыл сайын экологиялык жактан коопсуз алып коюунун санын түзгөн пайдалануу ченемдерине жараша белгиленет.
Колдонуу лимиттери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча жана атайын комиссиянын чечимдеринин негизинде айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктары менен белгиленет.
3912. Уруксатты берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим өтүнмөлөрдү кароо боюнча комиссия тарабынан кабыл алынат, анын түзүлүшү жана иштөө регламенти айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
3913. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, пайдалануу жана өндүрүү үчүн контроль карамагында жапайы өсүмдүктөр өскөн аймактары бар органдар, ошондой эле өз аймагында жер ээлери жана жерди пайдалануучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, пайдалануу жана өндүрүү боюнча коомдук контролду коомдук бирикмелер, башка мамлекеттик эмес коммерциялык эмес уюмдар жана жарандар жүзөгө ашырат.”;
– 64-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“64-глава. Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчек аралык), сактоо, пайдалануу, көмүү, жок кылуу жана утилдештирүү, ошондой эле кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчек аралык), иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү”;
– 392–396-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“392. Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташууга (анын ичинде трансчек аралык), сактоого, пайдаланууга, көмүүгө, жок кылууга жана утилдештирүүгө, ошондой эле кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды ташууга (анын ичинде трансчек аралык), иштетүүгө, кайра иштетүүгө, зыянсыздандырууга, жок кылууга, сактоого жана көмүүгө лицензия айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
393. Кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды ташууга (анын ичинде трансчек аралык), иштетүүгө, кайра иштетүүгө, зыянсыздандырууга, жок кылууга, сактоого жана көмүүгө лицензия убактылуу болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында колдонулат.
394. Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташууга (анын ичинде трансчек аралык), сактоого, пайдаланууга, көмүүгө, жок кылууга жана утилдештирүүгө лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында колдонулат.
395. Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчек аралык), сактоо, пайдалануу, көмүү, жок кылуу жана утилдештирүү, ошондой эле кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчек аралык), иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү үчүн лицензиялык иш төмөнкү жумуштарды аткаруудан жана (же) кызматтарды көрсөтүүдөн турат:
1) радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчек аралык);
2) радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды сактоо;
3) радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды пайдалануу;
4) радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды көмүү;
5) радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды жок кылуу;
6) радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды утилдештирүү;
7) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды ташуу (анын ичинде трансчек аралык);
8) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүү;
9) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды кайра иштетүү;
10) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды зыянсыздандыруу;
11) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды жок кылуу;
12) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды сактоо;
13) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды көмүү.
396. Кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүүгө, кайра иштетүүгө, зыянсыздандырууга, жок кылууга, сактоого жана көмүүгө лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча төмөнкү документтерди тапшырат:
1) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү үчүн зарыл болгон калдыктарды жайгаштыруу объекттерине менчик укугун же ээлик кылуунун башка мыйзамдуу негизин ырастоочу документтерди;
2) иштин бул түрүнө мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун; 3) иштин бул түрүнүн экологиялык негиздемесин; 4) ведомстволук кайтарууну уюштуруу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү, же болбосо калдыктарды жайгаштыруучу объектти ведомстводон тышкары кайтаруу жөнүндө келишимдин көчүрмөсүн; 5) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, өрт инспекциясы мамлекеттик органдарынын корутундусун; 6) аткарылуучу иштердин сапатын контролдоо системасы жөнүндө маалыматты; |
7) метрологиялык мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү менен колдонулуучу өлчөө каражаттарынын жана сыноо жабдууларынын тизмегин;
8) өлчөө каражаттарын жана сыноо жабдууларын текшерүүнү же метрологиялык аттестациялоону ырастоочу документтерди;
9) кызматкерлер жөнүндө, анын ичинде кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү боюнча профилдик жогорку, техникалык же кесиптик билими жана практикалык тажрыйбасы бар инженердик-техникалык адистер жөнүндө маалыматты;
10) арыз ээсинин көрсөтүлгөн кызматтардын профилине ылайык келген кесиптик даярдыгы жана квалификациясы бар, зарыл болгон билимди алгандыгын күбөлөндүргөн диплом, аттестат, күбөлүк менен ырасталган адистер менен эмгек макулдашуусун;
11) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү боюнча иштер аткарыла турган негизде ченемдик-техникалык документтердин тизмесин.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 3961-пункт менен толукталсын:
“3961. Кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүүдө, кайра иштетүүдө, зыянсыздандырууда, жок кылууда, сактоодо жана көмүүдө лицензиялык талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү үчүн зарыл болгон калдыктарды жайгаштыруу объекттеринин менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде арыз ээсине таандык болушу;
2) арыз ээсинин штатында көрсөтүлгөн кызматтардын профилине ылайык келген кесиптик даярдыгы жана квалификациясы бар, зарыл болгон билимди алгандыгын ырастаган диплом, аттестат, күбөлүк менен ырасталган адистердин болушу;
3) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү үчүн зарыл болгон технологиялык жана сыноо жабдууларынын, өлчөө каражаттарынын менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде арыз ээсине таандык болушу;
4) кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү боюнча белгиленген талаптарды сактоону жана сапатты контролдоону камсыз кылган түзүмдүк бөлүмдөрдүн (штаттык кызматкерлердин) болушу;
5) арыз ээсинде иши кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жок кылуу, сактоо жана көмүү менен түздөн-түз байланышкан, алар эмгек келишимдерин түзгөн кызматкерлердин болушу.”;
– 397-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“397. Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды, кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды ташууга (анын ичинде трансчек аралык) лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:”;
– 398-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“398. Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды, кооптуулуктун I–V класстарындагы калдыктарды ташууга (анын ичинде трансчек аралык) лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:”;
– 399-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“399. Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды сактоого, пайдаланууга, көмүүгө, жок кылууга жана утилдештирүүгө лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:”;
төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
“11) уулуу материалдарды жана заттарды, анын ичинде радиоактивдүү заттарды утилдештирүү үчүн зарыл болгон калдыктар жайгаштырылуучу объекттерге менчик укугун же ээлик кылуунун башка мыйзамдуу негиздерин ырастаган документтер.”;
– 400-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“400. Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, иондоштуруучу нурлануу заттарын жана булактарын, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды сактоого, пайдаланууга, көмүүгө, жок кылууга жана утилдештирүүгө лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:”;
– 65-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
– 66-глава “сактоо, пайдалануу”, “сактоого, пайдаланууга” деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө “, сатуу” “, сатууга” деген сөздөр менен толукталсын;
– 409-пунктта:
1-пунктчадагы “имараттардын” деген сөз алып салынсын;
3-пунктчадагы “нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн” деген сөздөр алып салынсын;
– 413-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) жетекчиге жардыруу иштерин жүргүзүүгө укук берүүчү документтер;”;
– 417-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“417. Тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксат алуу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди тапшырат:
1) иштин билдирилген түрүн өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын тизмегин же аларды ижарага берүү келишимин белгилөөчү документ;
2) арыз ээсинин өнөр жай коопсуздугу жаатындагы аттестациясынын протоколу жана өнөр жай коопсуздугу үчүн жооптуу жактын квалификациясын ырастаган диплом.”;
– 423-пункт “асыл таштар” деген сөздөрдөн кийин “(баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган рудаларды казып алуу жана алгачкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын;
– 425-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;”;
2-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
– 426-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
“5) жеке чайкоочулардан кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу үчүн юридикалык жактар тарабынан алтынды кабыл алуу кассалары уюштурулат.”;
– 440, 441-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“440. Уруксат алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) жеке адамдын жарандык куралды сатып алуусу:
– сатып алынуучу куралдын түрүн көрсөтүү менен арыз;
– куралга ээлик кылууга каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугу жөнүндө медициналык маалымкаттар (нарколог, психиатр, окулист);
– мамлекеттик аңчылыкка күбөлүк;
– арыз ээсине уруксат берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө аймактык ички иштер органынын корутундусу (профилактикалык эсепке алууга коюу жөнүндө актылардын жоктугу);
– арыз ээсинде куралды сактоонун шарттарынын ылайык келиши жөнүндө аймактык ички иштер органынын акты;
– Кыргыз Республикасынын жарандыгын ырастаган документ;
– аңчылык сайлуу куралды сатып алуучулар үчүн сайсыз куралга ээлик кылуунун беш жылдык стажы менен уруксаттын көчүрмөсү;
– куралды коопсуз пайдалануу эрежелерин окутуудан өткөндүгүн ырастоочу документ;
2) жеке адам тарабынан жарандык куралдын сакталышы;
– куралды сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтер;
3) кызматтык куралды сатып алуу (өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар үчүн):
– куралга ээ болууга жол берилген персоналдын иш жүзүндө болгон санына жараша куралдын конкреттүү түрлөрүн жана санын сатып алуу зарылдыгын, ошондой эле анын сакталышын камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чараларды негиздөө менен арыз;
– юридикалык жактын уюштуруу документтери;
– арыз ээсинде куралды сактоонун шарттарынын ылайык келиши жөнүндө аймактык ички иштер органынын акты;
– “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана “Кыргыз Республикасындагы жеке детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган документтер топтомун тиркөө менен куралдын жана ок-дарылардын сакталышы үчүн жооптуу кызмат адамын дайындоо жөнүндө ишкананын жетекчисинин буйругунун көчүрмөсү;
– Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын күзөт бөлүмдөрү менен күзөт кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимдин көчүрмөсү;
4) кызматтык куралды сактоо (өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар үчүн):
– куралды сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтер;
5) кызматтык куралды алып жүрүү (өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын кызматкерлери үчүн):
– Кыргыз Республикасынын жарандыгын ырастаган документ;
– куралга ээлик кылууга каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугу жөнүндө медициналык маалымкаттар (нарколог, психиатр, окулист);
– куралды коопсуз колдонуунун эрежелерин окутуудан өткөндүгүн ырастаган документ;
– ишкананын жетекчисинин кызматкерлерге кызматтык куралды бекитип берүү жөнүндө буйругу;
6) кызматтык куралдарды ташуу:
– куралдын тиешелүү түрүн сактоого, алып жүрүүгө жана сатып алууга уруксат;
– ок атуучу куралдын (5 жана андан көп бирдик) жана ок-дарылардын (400 жана андан көп бирдик) партиясын ташууда ишкананын жетекчисинин ташуу маршрутун көрсөтүү менен арызы;
– Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын күзөт бөлүмдөрү же куралчан ок атуучу куралы бар жеке күзөт ишканалары менен күзөт кызматтарын көрсөтүү келишиминин көчүрмөсү;
7) куралды коллекциялоо:
– коллекциялык куралды сактоонун шарттарынын ылайык келиши жөнүндө аймактык ички иштер органынын акты;
– куралга ээлик кылууга каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугу жөнүндө медициналык маалымкаттар (нарколог, психиатр, окулист);
– куралга эксперттик корутундулар;
– куралды сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтер;
– куралды сактоочу бөлмөнү куралдуу күзөтүү келишими;
8) куралды экспонаттоо:
– куралды сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документ;
– куралды экспонаттоочу жерде куралды сактоонун шарттарынын ылайык келиши жөнүндө аймактык ички иштер органынын акты;
– ички иштер органынын куралды сактоого уруксаты;
9) берүүчү ишканалар тарабынан жарандык жана кызматтык куралды, ок-дарыларды, анын негизги курамдык бөлүктөрүн сатып алуусу:
– куралды жана ок-дарыларды соодалоого лицензиянын көчүрмөсү;
– контракттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (инвойс);
– ташып киргизилүүчү товарга карата өндүрүүчү өлкөнүн шайкештик сертификаттары;
10) берүүчү ишканалардын жарандык жана кызматтык куралдарды, ок-дарыларды, анын негизги курамдык бөлүктөрүн ташып келүүсү:
– куралды жана ок-дарыларды соодалоого лицензиянын көчүрмөсү;
– контракттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (инвойс);
– Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын күзөт бөлүмдөрү же ок атуучу курал менен куралданган жеке күзөт ишканалары менен күзөт кызматтарын көрсөтүүгө келишимдин көчүрмөсү;
11) берүүчү ишканалардын жарандык жана кызматтык куралды, ок-дарыларды, анын негизги курамдык бөлүктөрүн ташып чыгуусу:
– куралды жана ок-дарыларды соодалоого лицензиянын көчүрмөсү;
– контракттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (инвойс);
– Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын күзөт бөлүмдөрү же ок атуучу курал менен куралданган жеке күзөт ишканалары менен күзөт кызматтарын көрсөтүүгө келишимдин көчүрмөсү;
– болжолдонгон экспорттоочу өлкөгө куралдарды ташып келүүгө уруксат;
– шайкештик сертификаты;
12) сыйлык куралын ташып келүү:
– курал менен сыйлоо жөнүндө документтин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
– арыз ээсинде куралды сактоонун шарттарынын ылайык келиши жөнүндө аймактык ички иштер органынын акты;
– куралга ээлик кылууга каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугу жөнүндө медициналык маалымдамалар (нарколог, психиатр, окулист);
13) сыйлык куралын ташып чыгуу:
– болжолдонгон ташып чыгуу өлкөсүнө курал алып кирүүгө уруксат.
441. Жарандык жана спорттук куралдын жалгыз нускаларын ташып киргизүүнү жана ташып чыгууну жүзөгө ашыруучу жеке жактар үчүн ички иштер органдары тарабынан белгиленген форма боюнча уруксат берилет.”;
– 75, 77-главалары күчүн жоготту деп таанылсын;
– 469-пунктта:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) жарылуучу материалдарды сактоочу жайды эксплуатациялоого жооптуу адамдын квалификациясын ырастоочу документтердин (дипломдун, аттестаттын же күбөлүктүн) көчүрмөлөрү;”;
3-пунктчадагы “нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн” деген сөздөр алып салынсын;
– 474-пункттун 1, 2-пунктчаларындагы “нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн” деген сөздөр алып салынсын;
– 481-пунктта:
1-пунктчанын төртүнчү абзацындагы “, же болбосо жардыргыч материалдардын заказчылары менен келишимдердин көчүрмөлөрү ишке ашырылган учурда” деген сөздөр алып салынсын;
2-пунктчасындагы “нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн” деген сөздөр алып салынсын;
– жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 5, 6-тиркемелери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
– жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 7–12-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 106 “Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу эрежелеринде:
– 58–65-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Тиркеме |
|
| "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Кесиптик орто, кесиптик жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана кошумча кесиптик медициналык жана фармацевтикалык билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн клиникалык базага кошумча лицензиялык талаптар
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы |
1 | Кабыл алуу бөлүмү: - каттоо; - отуруучу орундуктары бар күтүү залы (фойе); - адистиктер боюнча (терапевт, хирург, гинеколог, педиатр) жабдылган кароочу кабинет; - жабдылган процедуралык кабинет; - ооруларды аныктоо үчүн кабинет (эндоскопия, рентгенология, ЭКГ, УЗИ) |
2 | Адистиктер боюнча стационардык бөлүм (терапиялык, хирургиялык): - врачтар жана ординаторлор үчүн кабинеттер; - кезметчи медайымдын посту; - орто жана кенже медициналык персонал үчүн кабинеттер; - процедуралык кабинеттер; - кароо жана дарылоо процедураларын жүргүзүү үчүн хирургиялык кабинеттер; - оорулуулар үчүн палаталар (хирургиялык, терапиялык профилдеги); - жабдууларды, инвентарды жана медициналык техниканы сактоо үчүн көмөкчү жайлар; - тамак-аш үчүн жай; - санитардык түйүн; - студенттердин санына карата койка-орундардын катышы 1:10 |
3 | Операциялык блок: - видеокамера менен жабдылган операциялык блок (студенттер үчүн операциялык залдан тышкары операциянын жүрүшүнө байкоо жүргүзүү); - медициналык персонал жана операция жасалуучу оорулуу үчүн операцияга чейинки бөлмө; - инструменттерди тазалоо жана стерилдөө үчүн жай |
4 | Реанимация бөлүмү: - жабдылган интенсивдүү терапия палаталары; - врачтар жана ординаторлор үчүн кабинеттер; - кезметчи медайымдын посту; - орто жана кенже медициналык кызматкерлер үчүн кабинеттер |
5 | Профилдик багыттар боюнча лабораториялар: - лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн биологиялык материалдарды алуу бөлмөсү; - анализ жүргүзүү бөлмөсү (атайын жабдуулар); - биоматериалдарды сактоо бөлмөсү |
6 | Адистиктер (хирургия, терапия, акушердик жана гинекология, анестезиология, реанимация жана интенсивдүү терапия) боюнча окутууда практикалык билимдерди жана көндүмдөрдү өнүктүрүүнү калыптандыруу үчүн окуу симуляторлору менен жабдылган симуляция борбору |
7 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору менен келишим |
8 | Стоматологдорду даярдоо үчүн клиникалык базага кошумча талаптар, төмөнкүлөрдүн болушу: - терапиялык, хирургиялык, ортодонтиялык жана ортопедиялык профилдеги бейтаптар менен иштөө үчүн стоматологиялык жабдуулар менен жабдылган стоматологиялык кабинеттердин; - денталдык жана панорамалык сүрөттөр үчүн рентгенологиялык аппараттардын; - бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн; - тиш-техникалык лабораториянын |
9 | Фармацевттерди даярдоо боюнча программаларды ишке ашырууга кошумча талаптар, төмөнкүлөрдүн болушу: - дары каражаттарын ички дарыканалык даярдоо үчүн бардык жабдуулар менен жабдылган фармацевтикалык технологиялар боюнча лабораториялардын; - дары формаларынын бардык түрлөрүн (эритмелерди, экстракттык препараттарды, таблеткаларды өндүрүү үчүн, дары өсүмдүк сырьесун майдалоо үчүн жабдуулар) өндүрүү үчүн өндүрүштүк же моделдик жабдуулары бар өнөр жай технологиясы боюнча лабораториялардын; - виварийдин (дендрарий) |
Эскертүү: бардык жеке клиникалык мекемелердин медициналык жана фармацевтикалык билим берүү программалары үчүн медицина ишине тиешелүү лицензиясы болууга тийиш.
|
| Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн кошумча лицензиялык талаптар
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталыштары | Ченемдик маанилер |
1 | Штаттык инженердик-педагогикалык кадрлар менен комплекттелиши | 50% |
2 | Айдоо практикасын окутуучу кызматкерлердин (инструкторлордун) ошол категориядагы транспорт каражатын айдоону окутуу укугуна документи жана 3 жылдан ашык айдоочулук стажы, ошондой эле тиешелүү категориядагы транспорт каражатын башкаруу укугуна күбөлүгү болушу керек | |
3 | Окуу процесстерине тиешеси жок аянттарды кошпогондо, 1 билим алуучуга жайдын окуу аянты сабактардын эки кезметтүүлүгүн эске алуу менен | 1,5 кв.м |
Бардык окуу жайлары алардын жазууларын 1 жылдык мөөнөткө сактоо менен видеобайкоо аппаратурасы менен жабдылышы керек | ||
Билим берүү ишинин окуу жайлары лицензиянын тиркемесинде көрсөтүлгөн иш жүзүндөгү дарегине (жайгашкан жерине) дал келиши керек | ||
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында белгиленген тартипте катталган 2 жылдан кем эмес мөөнөткө ижарага алынган же акысыз пайдалануу келишиминин негизинде жабдылган имараттардын, жайлардын, аймактардын, жер участокторунун (автодром, жабык аянтча ж.б.) менчик, ыкчам башкаруу укугунда автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча программаны ишке ашырган арыз ээсинде болушу | ||
Автомобилдин түзүлүшү жана автомобилдерди техникалык тейлөө боюнча класс: - автомобилдердин (автобустардын) негизги жыйноочу бирдиктеринин комплекттерин даярдоо категориялары боюнча (сцепление жана которуу коробкасы менен чогултулган кыймылдаткыч, бөлүштүрүүчү коробка, башкаруу механизмдери менен чогултулган алдынкы, ортонку жана арткы мосттору); - даярдоо категориялары боюнча автомобилдин (автобустун, чиркегичтин) системаларынын жана бөлүктөрүнүн өзүнчө механизмдери; - демонстрациялык стенддер (кыймылдаткычтын иштөө цикли, кривошип-шатундук жана газ бөлүштүрүүчү механизмдер; азыктандыруу, майлоо, муздатуу системалары; электр жабдуулары, рулдук башкаруу, токтотуучу системалар). Бул материалдарды үйрөнүү үчүн видео материалдарын милдеттүү түрдө болушу менен мультимедиалык түзүлүштөрдү колдонууга уруксат берилет. Жайларды автомобилдерди орнотуу жана техникалык тейлөө боюнча лаборатория менен айкалыштырууга жол берилет | 1 | |
Жол кыймылынын эрежелери жана коопсуздугу боюнча класс: - жол кыймылынын эрежелери боюнча плакаттардын комплекттери жана кошумча маалымат каражаттары; - транспортту айырмалоо боюнча милдеттерди чечүүгө багытталган кесилиштердин жана аянттардын схемаларынын, транспорт каражаттарынын макеттеринин комплекттери; - жол белгиси жана аны жолдордо, көпүрөлөрдө, түтүк өткөн жолдордогу жана башка жерлерде колдонуу боюнча окуу-көрсөтмө куралдар; - светофорлордун электрленген моделдери (бардык типтери); - светофордун жана жөнгө салуучунун сигналдарын, транспорт каражаттарынын жол жүрүү бөлүгүндө жайгашуусун, маневр жасоону, озуп өтүүнү, темир жол өткөөлдөрүнөн өтүүнү, адамдарды жана жүктөрдү ташууну, колоннадагы кыймылды, автотранспорт каражаттарынын техникалык абалын жана жабдууларын, номердик, таануу жана эскертүү белгилерин, жазууларды жана белгилерди изилдөө үчүн, автомобилдин кыймылынын теориясы жана автомобилди айдоонун психофизиологиялык негиздери боюнча, ар кандай жол жана гидрометеорологиялык шарттарда коопсуз айдоонун техникалык ыкмалары боюнча окуу-көрсөтмө куралдар; - кыймылдын коопсуздугуна таасирин тийгизүүчү механизмдерди жана приборлорду көрсөтүү менен автомобилдин (автобустун) схемалары; - жол-транспорт кырсыктарынын келип чыгуу себептерин эске алуу менен алар чагылдырылган көрсөтмө стенддер; - автотренажерлор | 1 | |
Автомобилдердин түзүлүшү жана техникалык тейлөө боюнча лабораториялар: - даярдоо категориялары боюнча комплекттелген автомобиль (автобустар, чиркегичтер); - астына койгучта турган негизги изилденүүчү маркаларды дароо жөнгө салуу үчүн кыймылдаткыч (бул материалды өздөштүрүү үчүн видеоматериалдардын милдеттүү түрдө болушу менен мультимедиалык түзүлүштөрдү колдонууга уруксат берилет); - техникалык тейлөөнүн түрлөрү боюнча жумуштардын тизмектери бар жөнгө салуучу маалыматтардын таблицалары менен щиттер; - өздөштүрүлүүчү автомобилдердин (автобустардын, чиркегичтердин) майлоо картасы; - техникалык тейлөө боюнча жумуштарды жүргүзүү үчүн эксплуатациялык материалдардын топтому; - ажыратуу-чогултуу жумуштарын жүргүзүү үчүн инструменттердин, шаймандардын жана чечилүүчү комплекттери; - жумушчу столдор (слесардык верстактар). Автомобилдин түзүлүшү жана автомобилдерди техникалык тейлөө боюнча класстарды жайлар менен айкалыштырууга жол берилет | 1 | |
Биринчи медициналык жардам көрсөтүү, эмгекти коргоо жана өндүрүштүк экология классы: - сыныктарды алардын түрлөрү боюнча фиксациялоо үчүн медициналык аптечка жана шиналар; - кушетка жана замбил; - биринчи жардам көрсөтүү боюнча плакаттар ж.б. Жол кыймылынын эрежелери жана коопсуздугу боюнча класстарды жайлар менен айкалыштырууга жол берилет | 1 | |
Асфальтобетон менен жабуу аркылуу айдап үйрөнүү үчүн автодром: - баштапкы милдеттерди аткаруу жана айланма айдоону окутуу үчүн аянт; - габариттүү "тоннель", "короо", "сегиздик", зигзаг түрдө өтүү (же "жыланча"); - темир жол платформасы жана өтмөгү, эстакада; - светофор менен жөнгө салынуучу кесилиш; - жол белгилери, жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн сызыктары, багыттар. Эскертүү: "А" жана "В" категориялары боюнча билим алуучуларга практикалык сабактарды сигналдык жол конустарын пайдалануу менен жабык аянтчаларда өткөрүүгө жол берилет | 1 | |
Окуу китептери жана окуу-методикалык колдонмолор (камсыздалуу пайызы) | 50% | |
4 | 1 компьютерге билим алуучулардын саны | 6 |
5 | Видеоматериалдардын жардамы менен түйүндүү агрегаттардын ишин көрсөтмөлүү изилдөө үчүн проектор | 1 |
6 | Окуу автомобилдери тиешелүү категорияга ылайык келиши керек, "Окуу транспорт каражаты" деген таанытуу белгилери менен белгиленген жана билим алуучу үчүн тормоздун, сцеплениенин кайталанган педалдары жана артты көрүү күзгүсү менен жабдылган, айнектери караңгылатылбаган, практикалык сабактарды белгилөө үчүн видеорегистратор, авариялык токтотуу белгиси, өрт өчүргүч, биринчи жардам аптечкасы (транспорттук) болушу керек. Окуу уюмдарынын (автомектептердин) ортосунда транспорт каражатын ижарага берүүгө жол берилбейт. Практикалык окутуу үчүн 2005-жылдан кеч эмес чыгарылган окуу автомобилдери колдонулат | Бир күндө 15 билим алуучуга 1 автомобиль |
Эскертүү: инструктор жана курсант медициналык күбөлөндүрүүдөн, ал эми окуу автомобили - рейс алдындагы техникалык кароодон милдеттүү түрдө өтүүгө тийиш.
Курсанттар автоматташтырылган маалыматтык системада адамдын графикалык сүрөттөлүшү боюнча милдеттүү түрдө идентификациялоодон өтүүгө тийиш.".