Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 15-ноябры № 261
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-ноябры, № 136) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кеңеш:
1) биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлердин резервин түзөт;
2) соттордо бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрөт;
3) конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын бош кызмат ордуна талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) сунуштоо үчүн киргизет;
4) штаттык саны 5 жана андан көп бирдикти түзгөн соттордо бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен биринчи инстанциядагы соттун судьясынын бош кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлердин резервинен Президентке талапкерлерди киргизет;
5) Кеңештин Регламентин жана ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка актыларды бекитет;
6) Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.";
2) 18, 19 жана 21-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-глава менен толукталсын:
"4-1-глава. Судьялар корпусун түзүү
21-1-берене. Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялоо
1. Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.
2. Кеңеш Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын бош кызмат орду ачылгандыгы жөнүндө мамлекеттик басма сөз органында, Кеңештин расмий сайтында, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде тизмеги Судьялар кеңешинин чечими менен бекитилген жалпыга маалымдоо каражаттарында (мындан ары - башка жалпыга маалымдоо каражаттары) жарыялоо жолу менен жарыялайт.
3. Бош кызмат орду ачылгандыгы жөнүндө жарыяда судьянын бош кызмат ордуна талапкерлерден арыздарды кабыл алуучу жер, арызга тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле документтерди тапшыруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
4. Судьянын бош кызмат ордуна конкурска Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамдын талаптарына жооп берүүчү адамдар катыша алат.
5. Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкердин Кеңештин дарегине арызы жана документтери Сот департаментине талапкердин жеке өзү тарабынан, почта аркылуу же электрондук түрдө Кеңештин электрондук почтасынын расмий дарегине жөнөтүлөт.
6. Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкер иштеп жаткан судьялардын документтери Судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамда аныкталган тартипте берилет.
7. Толук эмес көлөмдө же болбосо Судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактабастан, белгиленген мөөнөттөн кийин келип түшкөн документтер кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен Кеңештин чечиминин негизинде талапкерге кайтарып берилет.
8. Талапкерлердин акыркы тизмеси мамлекеттик басма сөз органында, Кеңештин расмий сайтында, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
21-2-берене. Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна конкурс
Кеңештин Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын бош кызмат ордуна көрсөтүү жөнүндө сунушу конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча берилет, аны өткөрүү тартиби Судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамда аныкталат.
21-3-берене. Биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлердин резерви
1. Кеңеш биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын кызмат орундарына дайындалуучу талапкерлердин резервин (мындан ары - талапкерлердин резерви) конкурстук негизде түзөт. Талапкерлердин резервине киргизүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби Судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамда аныкталат.
2. Талапкерлердин резервине кирүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары Кеңешке арыз менен кайрыла алышат.
3. Талапкерлердин резервине Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамдын талаптарына жооп берген, конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн адамдар киргизилиши мүмкүн.
4. Талапкерлердин резервине киргизүү Судьялар кеңеши тарабынан аныкталган тартипте өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча Кеңештин чечими менен жүзөгө ашырылат.
5. Талапкерлердин резерви мамлекеттик басма сөз органында, Кеңештин расмий сайтында, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
21-4-берене. Биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлердин резервине киргизүүгө конкурс жарыялоо
1. Кеңеш талапкерлердин резервине киргизүү конкурсу жөнүндө маалыматты мамлекеттик басма сөз органына, Кеңештин расмий сайтына, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгаруу жолу менен жарыялайт.
2. Талапкерлердин резервине киргизүү конкурсу жөнүндө жарыяда арыздарды кабыл алуучу жер, арызга тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле документтерди тапшыруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
3. Талапкерлердин резервине киргизүү конкурсуна Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамдын талаптарына жооп берген адамдар катыша алат.
4. Талапкерлердин резервине киргизүүгө талапкердин Кеңештин дарегине арызы жана документтери Сот департаментине талапкердин жеке өзү тарабынан, почта аркылуу же электрондук түрдө Кеңештин электрондук почтасынын расмий дарегине берилет.
5. Толук эмес көлөмдө же болбосо Судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактабастан, белгиленген мөөнөттөн кийин келип түшкөн документтер талапкерге кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен Кеңештин чечиминин негизинде кайтарып берилет.
6. Талапкерлердин резервине кирүүнү каалаган адамдардын акыркы тизмеси мамлекеттик басма сөз органында, Кеңештин расмий сайтында, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
21-5-берене. Судьянын кызмат ордуна сунуштоо жана дайындоо жөнүндө Кеңештин сунушу
1. Кеңеш Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурстук тандоонун натыйжасы боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна шайлоо үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизүү жөнүндө Президентке сунуш киргизет.
2. Кеңеш конкурстук тандоонун натыйжасы боюнча биринчи инстанциядагы соттун судьясынын кызмат ордуна дайындоо жөнүндө Президентке сунуш киргизет.
3. Кеңеш тарабынан киргизилген судья кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды Президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун тартиби Судьялардын статусу жөнүндө конституциялык Мыйзамда аныкталат.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына "Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-ноябры, № 136) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 19-беренеде:
а) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "24" деген цифралар "24-1" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 14-бөлүктүн 4-пунктунда "13-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн жетинчи-тогузунчу абзацтарында" деген сөздөр "18-беренесинин 3-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 21-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда "13-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн жетинчи-тогузунчу абзацтарында" деген сөздөр "18-беренесинин 3-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 22-24-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-берене. Биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын кызмат ордундарына талапкерлердин резерви
1. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш конкурстук негизде биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлердин резервин (мындан ары - талапкерлердин резерви) түзөт.
2. Талапкерлердин резервине кирүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке арыз менен кайрыла алат.
3. Талапкерлердин резервине Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына жооп берген, конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн адамдар кире алышат.
4. Талапкерлердин резервине киргизүү Судьялар кеңеши аныктаган тартипте өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин чечими менен жүзөгө ашырылат.
5. Судьянын кызмат ордуна талапкер талапкерлердин резервинен төмөнкү учурларда чыгарылат:
1) алар талапкерлердин резервинен чыгаруу жөнүндө арыз бергенде;
2) анын окуусунун жана такшалмасынын натыйжаларына канааттандырарлык эмес баа берилгенде;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
4) сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуучу оорулар пайда болгондо;
5) аны белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп тааныганда;
6) каза болгондо же соттун чечими менен анын өлгөндүгү жарыяланганда;
7) кылмыш же анын кадыр-баркын жана беделин жаманатты кыла турган башка аракеттерди жасаганда;
8) кезектүүлүк тартибинде сунушталган судьялык кызмат ордунан баш тартканда.
Судьянын кызмат ордуна талапкер, эгерде ал эки жылдын ичинде судьялык кызмат ордуна көрсөтүлбөсө, талапкерлердин резервинен чыгарылат.
6. Конкурс өткөрүүнүн, талапкерлердин резервине кошуунун, жүргүзүүнүн, ага талапкерлерди киргизүүнүн жана чыгаруунун тартиби Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.
7. Талапкерлердин резерви Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин расмий сайтында, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
23-берене. Талапкерлердин резервине киргизүү үчүн конкурс
1. Талапкерлердин резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо конкурстук тандоону өткөрүү жолу менен Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.
2. Конкурстун жыйынтыгы боюнча кыйла жогору натыйжага ээ болгон талапкерлердин саны Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан жарыяланган орундарга барабар тандалат.
3. Конкурстун жыйынтыгы боюнча кыйла жогору балл алган талапкерлер алган баллдарынын кемүү тартибинде талапкерлердин резервине киргизилет. Талапкерлер тең балл алган учурда Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш талапкерлерди талапкерлердин резервине киргизүү же киргизбөө жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл алат.
4. Талапкерлердин резервине киргизүү үчүн конкурстун натыйжалары үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик басма сөз органына, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин расмий сайтына, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
5. Талапкерлердин резервине киргизилген судьянын кызмат ордуна талапкер Судьялар кеңеши тарабынан аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө Жогорку сотко караштуу Сот адилеттиги жогорку мектебинде окуудан жана жалпы юрисдикциядагы соттордо такшалмадан өтүүгө тийиш. Окуу жана такшалмадан өтүү мезгилинде иштеп жаткан талапкердин негизги жумуш орду сакталат.
24-берене. Талапкерлердин резервине киргизүү үчүн конкурска документтерди тапшыруу тартиби
1. Талапкерлердин резервине киргизүү үчүн талапкердин арызы жана документтери жеке өзү тарабынан, почта аркылуу же электрондук түрдө Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин электрондук почтасынын расмий дарегине жиберилет.
2. Талапкердин Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин дарегине жазылган талапкерлердин резервине киргизүү үчүн арызы Сот департаментине берилет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) талапкердин жарандыгын жана жаш курагын күбөлөндүрүүчү паспорттун көчүрмөсү;
2) "Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы болгондо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими жөнүндө дипломунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) эмгек китепчесинин, талапкердин юридикалык кесиби боюнча иш стажы бар экендигин тастыктаган башка документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
4) талапкерде судьянын кызмат ордуна дайындоого тоскоолдук кылуучу оорулардын жоктугун көрсөтүү менен конкурска катышканга чейин 6 айдан эрте эмес берилген ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду;
5) талапкерге карата ушул конституциялык Мыйзамда каралган кошумча талаптардын болушун тастыктаган документ;
6) мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес биле тургандыгын тастыктаган ыйгарым укуктуу органдын сертификатынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
7) талапкердин жана анын жакын туугандарынын соттуулугу жок экендиги жөнүндө же талапкердин жакын туугандарынын соттуулугунун мыйзамда белгиленген тартипте жоюлгандыгы тууралуу маалымкат.
Арызга талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн башка документтер (пикирлер, сунуштамалар) тиркелиши мүмкүн.
Судьянын кызмат ордуна дайындоого тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын документтери Сот департаменти тарабынан түзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан судьяларынын документтери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) судьянын өздүк ишин;
2) судьялык кызмат ордунда иштеген убактагы караган иштеринин санын жана сапатын чагылдыруучу маалыматтарды;
3) сыйлыктары, кубаттоолору жана жазалары жөнүндөгү маалыматтарды.
5. Талапкерлердин резервине киргизүү үчүн талапкерлердин арыздарды жана документтерди берүү мөөнөтү Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан белгиленет жана жарыя жарыяланган күндөн тартып 14 күндөн аз болбоого тийиш.
Ушул беренеде белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин берилген документтер кабыл алынбайт.
Сот департаменти арызды жана ага тиркелген документтерди кабыл алгандан кийин тиешелүү органдардан талапкердин соттуулугу жөнүндө маалыматты өз алдынча суратып алат.
Тиешелүү ыйгарым укуктуу орган талапкердин соттуулугу бар же болбосо жок экендиги жөнүндө маалыматты 10 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жиберүүгө милдеттүү.
6. Биринчи инстанциядагы соттун судьясынын кызмат ордун ээлөөгө талапкерлердин резервине киргизүү үчүн конкурска катышууга документтери кабыл алынган адамдар талапкерлердин тизмесине киргизилет. Талапкерлердин тизмеси талапкерлердин кесиптик жана моралдык сапаттары жөнүндө пикирлерди алуу үчүн конкурс жөнүндө жарыя жарыяланган күндөн тартып 40 күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик басма сөз органына жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин расмий сайтына жарыяланат.
Пикирлерди алуу үчүн мөөнөт Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан аныкталат.";
4) төмөнкүдөй мазмундагы 24-1 жана 24-2-беренелер менен толукталсын:
"24-1-берене. Конкурстук тандоо
1. Конкурстук тандоо - юридикалык билимдин жогорку деңгээлине ээ, Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын кызмат орундарына сунуштоо, ошондой эле талапкерлердин резервине аларды киргизүү үчүн инсандык, квалификациялык жана жүрүм-турум талаптарына жооп берген адамдарды табуу максатында көз карандысыз коллегиялуу орган - Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылуучу процесс.
Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш конкурстук тандоону өткөрүүдө Судьялар кеңеши тарабынан аныкталган тартипте заманбап маалыматтык технологияларды пайдалана алат.
Конкурстук тандоо талапкерлердин маанилүү кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо үчүн аңгемелешүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Аңгемелешүүгө төмөнкүлөр киргизилет:
1) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап бараткан иштеп жаткан судьялар;
2) судьялык иш стажы бар, ошол эле учурда алардын конкурска катышууга арыз берүүнүн жана адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуу мөөнөтү 5 жылдан ашпаган адамдар;
3) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктай элек иштеп жаткан судьялар;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү боюнча тестирлөөдөн өткөн адамдар.
2. Аңгемелешүүгө киргизүүдө Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш төмөнкүлөрдү иликтейт:
1) талапкерлердин документтерин жана алардын ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келишин;
2) декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берип жаткан талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияларын;
3) талапкердин жүрүм-турумунун кынтыксыздыгын тастыктоочу башка маалыматты (талапкерге пикирлерди, сунуштамаларды).
Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш судьянын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерге карата декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияларын суратып алууга милдеттүү.
Документтерди иликтөөнүн натыйжалары боюнча Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш талапкерди конкурстук тандоого киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. Талапкерди киргизүү жөнүндө чечим Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан ачык добуш берүү аркылуу Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3. Аңгемелешүү Судьялар кеңеши аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
Жергиликтүү соттордун иштеп жаткан судьялары менен аңгемелешүү өткөрүүдө судьялардын ишинин сапатын акыркы кесиптик баалоонун натыйжалары эске алынат.
Аңгемелешүүнүн суроолору жана жооптору Судьялар кеңеши тарабынан жыл сайын бекитилет жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин расмий сайтына жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан аныкталган жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
4. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан Президентке сунуштоо үчүн Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын кызмат орундарына сунушталган талапкерлердин тизмеси конкурстук тандоодон өтүүдө алган баллга ылайык кемүү тартибинде, бирок Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босоголук баллдан төмөн эмес түзүлөт.
5. Конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан бош орундарга барабар санда сунуштоо үчүн Президентке сунуш кылынат.
6. Конкурстук тандоодон өткөн жана босоголук баллды алган, бирок Президентке сунушталбаган Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер талапкерлердин тизмесинде калтырылат.
Босоголук баллды албай калган талапкерлер, Президенттин жүйөлөштүрүлгөн чечими менен Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке материалдары кайтарып берилген талапкерлер, ошондой эле Жогорку Кеңеш шайлабаган талапкерлер Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларынын бош кызмат орундарына башка конкурстук тандоолорго бир жылдан эрте эмес убакыттан кийин катышууга укуктуу.
Тиешелүү тизмеден талапкерлерди сунуштоо ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте талапкер алган баллдын санына жараша кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт. Талапкерлер аларды Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан Президентке сунушталышына жараша талапкерлердин тизмесинен чыгарылат.
7. Мурда сунушталган бардык талапкерлер дайындалган же шайланган, судьялардын бардык бош кызмат орундары толтурулган же болбосо көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылган учурларда талапкерлердин тизмеси Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан жоюлат.
8. Конкурстук тандоонун бардык материалдары талапкердин өздүк ишине тиркелет. Конкурска катышкан талапкерлердин өздүк иштери кайтарып берилбейт жана Сот департаментинде сакталат.
24-2-берене. Биринчи инстанциядагы соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөө тартиби
1. Биринчи инстанциядагы соттун судьясынын бош кызмат орду төмөнкүлөргө байланыштуу түзүлөт:
1) биринчи инстанциядагы соттун судьясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аякташына;
2) Конституцияда белгиленген жаш курагынын чегине жеткендигине;
3) биринчи инстанциядагы соттун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына;
4) биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын жаңы штаттык бирдиктери киргизилгендигине;
5) адистештирилген соттордун түзүлүшүнө.
2. Бош кызмат ордун ээлөө ачылган бош кызмат орду жөнүндө Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке кийин маалымдоо менен Жогорку соттун төрагасы судьяларды ротациялоо (судьяны бир жергиликтүү соттон башкасына которуу) мүмкүнчүлүгүн карагандан кийин жүргүзүлөт.
3. Жергиликтүү соттун судьясы өзүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 80 күндөн эрте эмес жана 60 күндөн кеч эмес аны жергиликтүү соттун судьялыгына дайындоо жөнүндө Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке арыз менен кайрылууга укуктуу. Мындай учурда Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш арыз келип түшкөн күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө аны ушул конституциялык Мыйзамдын 24-1-беренесинде каралган эрежелер боюнча карайт. Мында эгерде талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан биринчи инстанциядагы соттун судьялыгына дайындоого сунушталбаса, анда биринчи инстанциядагы соттун судьясынын күтүлгөн бош кызмат ордуна ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген тартипте талапкерлердин резервине киргизилген талапкер дайындалат. Талапкерлиги Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан сунушталбаган судья анын талапкерлиги Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан четке кагылган күндөн тартып бир жылдан эрте эмес убакыттан кийин судьялардын башка бош кызмат орундарына талапкер болууга укуктуу.
4. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш бош судьялык кызмат орду ачылышына жараша ушул кызмат орунду судьянын кызмат ордуна талапкерлер резервинде биринчи орунда турган талапкерге сунуштайт. Талапкер баш тарткан учурда бош кызмат орду талапкерлер резервине ылайык кезектүүлүк тартибинде кийинки талапкерге сунушталат. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин көрсөтүлгөн кызмат ордуна кайталанган сунуштары талапкерлердин түзүлгөн резерви толук пайдаланылганга чейин киргизилет. Талапкерлердин түзүлгөн резерви толук пайдаланылган учурда Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш талапкерлердин резервине киргизүү үчүн жаңы конкурс өткөрөт.";
5) 25-беренеде:
а) аталышында "жергиликтүү соттордун" жана "жергиликтүү сотторго" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "биринчи инстанциядагы соттордун" жана "биринчи инстанциядагы сотторго" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Биринчи инстанциядагы соттордун судьялары конкурстун жыйынтыктары боюнча талапкерлердин резервине киргизилген жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш сунуштаган адамдардын ичинен Президент тарабынан дайындалат.
2. Биринчи инстанциядагы соттун судьялыгына дайындоого талапкерге сунуштама талапкерлердин резервине киргизүү үчүн конкурстун натыйжаларына ылайык Президентке киргизилет.
Сунушталган талапкер боюнча материалдарды алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде Президент өзүнүн жүйөлөштүрүлгөн чечими менен Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке кайтарып берүүгө укуктуу.
Бул учурда Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш ушул конституциялык Мыйзамдын 24-2-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган тартипте талапкерлердин резервинен жаңы талапкерди алган баллынын санына жараша кезектүүлүк тартибинде 10 жумуш күндүн ичинде сунуштайт.
Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин кайталанган сунуштары талапкерлердин түзүлгөн резерви толук пайдаланылганга чейин киргизилет. Талапкерлердин резерви толук пайдаланылган учурда Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жаңы конкурс өткөрөт.";
в) 3-бөлүктө "Жергиликтүү соттордун", "жергиликтүү соттун" жана "жергиликтүү сотко" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Биринчи инстанциядагы соттордун", "биринчи инстанциядагы соттун" жана "биринчи инстанциядагы сотко" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-ноябрындагы № 93 (3749) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |