Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №1
«Фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жер-укуктук” маселелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 токтомунун кабыл алгандыгына байланыштуу Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жарандардан келген арыз, кайрылууларды карап, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы фондунун шартуу сугат жери 3000 (үч миң) сомдон, кайракы айдоо жери 3000 (үч миң) сомдон, чөп орок 1000 (миң) сомдон, Сугат айдоо жерине (шалы Чымчык-Жар айылы) 12 000 (он эки миң) сомдон жана бак жерине ижара акы келишимдин негизинде 1000 (миң) сом бекитилсин.
2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Кушбаков |