Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №2
«Участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө»
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы С.Абдурасуловдун участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жаңыдан бекитүү боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу шайлоо участкаларындагы
комиссия курамдары бекитилсин.
2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Кушбаков |