Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №3
«Ысым ыйгаруу жөнүндө»
Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Карамарт айылынын жашоочуларынын жыйынынын протоколу менен таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айылдык айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кадуу токой бөлүмүнө караштуу “Чимирис” үстүндөгү тик чокуга Назаров Кошойдун ысымы ыйгарылсын.
2.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтомду аткаруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Кушбаков |