Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №6
«Элдерди жазгы жайытка көчүрүү, көчүрүп келүү жана
мал башына алынуучу жайыт акы жөнүндө»
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт адиси К.Сыдыковдун жакынкы жана алыскы жайыттар боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Элдерди жакынкы жана алыскы жайыттарга көчүрүү 2025-жылдын 20-апрелинен 1-майына чейин жана көчүрүп келүү 29-августка деп бекитилсин.
2.Мал башына алынуучу жайыт акы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3.Айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга жана Көк-Булак, Чымчык-Жар участкаларына эгилген эгиндерди, чөп орокторду кароо үчүн кароолчулар шайлансын.
4.Эгиндерге, чөп орокторго түшкөн мал жандыктарына 500 (беш жүз) сомдон, экинчи ирет түшсө 1000 (бир миң) сомдон, үчүнчү ирет түшсө бузуулар мыйзамы боюнча жоопкерчиликке тартылат. Алынган айып акчалар кароолдордун миңген атына, жем чөп алууга жумшалсын.
5.Камалган мал жандыктары видео сүрөттөргө тартылып, вотсап аркылуу айыл айылдардагы группаларга камалган күндөн баштап жарыялары жөнөтүлүп турсун жана өлүп калса кароолчулар жооп берет, сөзсүз каттоо журналы жүргүзүлсүн.
6.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Кушбаков |
| БЕКИТЕМИН Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы:____________К.Кушбаков “__26___”__март__2025-жылдагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин №_1__ сессиясынын №_6_токтому |
Кыз-Көл жайыт комитетинин 2025-жылга жайыт пайдалануу ТАРИФИ.
№ | Мал жандыктар | Ички жайыт | Алыскы жайыт |
1 | Кара мал | 200 | 200 |
2 | Жылкы | 200 | 200 |
3 | Кой -эчки | 40 | 40 |
4 | Сырттан алып келип баккан кара малга,жылкыга | 500 | 500 |
5 | Сырттан алып келип баккан кой-эчкиге | 60 | 60 |
Эскертүү:Жайлоого жайытка көчүп кетүү -апрелден аба ырайына байланыштуу, ал эми көчүп келүү 31-августан кийин.Эгерде ушул мөөнөттөн мурда көчүп келген тургундар же малчылар болсо алар бузуулар мыйзамы боюнча каралат. Мал баккан малчылардын эмгек акысы ар бир мал башына кара малга,жылкыга-1000сомдон,кой-эчкиге-200сомдон малын бактырган тургундар төлөп берет.жайыт жерлерди кашаалап чөп орок .бак эккендерге
2000сомдон акы төлөнсүн.ал эми жайытты мал жайлоого кеткенден кийин чөп орок катары пайдаланса гектарына 1000сомдон акы төлөнсүн.Жогорудагы талапртарды аткарбаган тургундар болсо ,мыйзам чегинде бузуулар мыйзамы боюнча чара көрүлөт.
“Кыз-Көл таза аймак” МИ.жетекчиси: |
М.Супатаев |