Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №7
«Бирикме тех сервистинин жер аянтын
муниципалдык менчике өткөрүп алуу жөнүндө»
КР Жер кодексинин 62-беренесинин 9-бөлүмүндө “Мамлекеттик же муниципалдык жерди пайдалануучу, коомдук бирикме, коомдук фонд жана диний уюм жоюлгандыгына” байланыштуу, ошондой эле КР Жер кодекстин 64-беренесинин 1-бөлүмүндө жер участогуна укук токтотулган учурда, жер участоктору мамалекетке же муниципалдык менчике өтөт деп көрсөтүлгөн. Аталган мыйзамдардын негизинде мурдагы Сузак совхозуна караштуу “Бирикме”тех сервистинин балансында турган имаратты жана 0,64га жер аянтын Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча, Кыз-Көл айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мурдагы Сузак совхозуна караштуу “Бирикме”тех сервистинин балансында турган имаратты жана 0,64га жер аянтын Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2.Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн балансына алынган 0,64га жер аянты жана айыл өкмөтүнүн эски имараты Ак-Тоок айылына бала бакча куруу үчүн берилсин.
3.“Бирикме”тех сервисинин балансында турган имаратты жана 0,64га жер аянтын өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн ишенимдүү өкүлү Н.Абдырасуловго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Кушбаков |