Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 14-ноябры № 260
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 91 жана 92-пункттар менен толукталсын:
"91) видеоконференцбайланыш - аудио уктурууларды жана видео сүрөттөлүштөрдү реалдуу убакытта берүүнү камсыз кылуучу техникалык каражаттарды колдонуу менен соттук териштирүүнүн алыста турган эки же андан көп катышуучуларынын ортосундагы байланыш сеансы;
92) трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо) - чектелбеген сандагы пайдалануучулар үчүн түз эфир режиминде телекөрсөтүү, радио каражаттары аркылуу жана (же) Интернет түйүнүндө маалыматты жайылтуу жана берүү;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 171-пункт менен толукталсын:
"171) жазуу формасы - административдик доону, даттанууну, арызды, сот актысын, соттук жыйналыштын протоколун, башка документти, билдирүүнү же маалыматты кагаз жүзүндө (машинкага басылган) же санариптик формада түзүү жана берүү ыкмасы;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 251, 252, 253-пункттар менен толукталсын:
"251) санариптик административдик иш - сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда түзүлүүчү административдик иш;
252) сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутуму - сот өндүрүшүндө санариптик маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн багытталган санариптик түзүлүштөрдүн, алар үчүн программалардын жана маалыматтар базасынын тутуму;
253) билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси - санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына шайкеш келген, соттук кабарлоонун алынгандыгын ырастоо кепилдиги менен ишке катышып жаткан жактарга жана процесстин башка катышуучуларына соттук кабарлоону жеткирүүнү камсыз кылуучу санариптик сервис;";
г) төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын;
"Эскертүү. Ушул Кодексте колдонулуучу санариптик технологияларга байланыштуу терминдер жана түшүнүктөр санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарда келтирилген маанилерде колдонулат.";
2) 99-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ушул беренеде каралган процесстик мөөнөттөрдү эсептөө тартиби сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун колдонуу менен сотко берилүүчү документтерге дагы жайылтылат.";
3) 104-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи-үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Административдик процесстин катышуучулары сот тарабынан соттук жыйналыштын же өзүнчө процесстик иш-аракет өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө аныктама менен сот актысынын көчүрмөсүн дарек ээсине тапшыруу жөнүндө кабарлоо аркылуу же билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисин колдонуу менен почта боюнча тапшырык кат менен кабарланат.
Сот административдик процесстин катышуучуларын төмөнкү ыкмалардын бири: тиешелүү кабарламаны сот тарабынан жиберүү жана дарек ээси тарабынан алуу фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, телефонограмма, телеграмма, факсимилдик байланыш, электрондук почта аркылуу же башка ушул сыяктуу телекоммуникациялык формалардын жардамы менен кабарлай же чакыра алат. Мында берилген тексттин сотто калуучу жана ишке тиркелүүчү көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, аны берген датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт.
Эгерде аныктама электрондук почта менен жиберилсе, ал көрсөтүлгөн санариптик технологиялык тутум аркылуу тапшырылган болуп эсептелет жана бул жөнүндө санариптик жазуу менен күбөлөндүрүлөт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
"5. Күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди жана котормочуларды сотко чакыруу ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте да жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Сот иштин материалдарын сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырууга жана ишке катышуучу жактарга алар менен таанышууга жана кийин алардын жуп нускасын даярдоого мүмкүнчүлүк берүүгө укуктуу. Иштин материалдарын мындай жайгаштыруу талаптагыдай билдирүү болуп саналат. Кабарлоону (чакыруу кагазын) алган тараптар сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу аркылуу иштин материалдары менен таанышууга укуктуу.";
4) 107-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) эгерде сотто сот тарабынан тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, телефонограмма, телеграмма, факсимилдик байланыш же электрондук почта аркылуу же болбосо башка каражаттарды же телекоммуникациялардын түрлөрүн пайдалануу менен кабарлоо жөнөтүлгөндүгү жөнүндө маалымат болсо.";
5) 109-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Административдик доо сотко жазуу жүзүндө берилет.";
6) 111-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) доогердин фамилиясы, аты (аталышы), почта дареги, банктык реквизиттери, электрондук почтасынын дареги жана мобилдик телефон номери, ошондой эле анын өкүлүнүн электрондук почтасынын дареги жана мобилдик телефон номери, эгерде андайлар бар болсо;
3) жоопкердин аталышы, фамилиясы, аты, кызмат орду жана кызмат адамынын иштеген жери, почта дареги, банктык реквизиттери, электрондук почтасынын дареги жана мобилдик телефон номери, ошондой эле анын өкүлүнүн электрондук почтасынын дареги жана мобилдик телефон номери, эгерде андайлар белгилүү болсо;";
б) 5-бөлүктө "телефондорунун номери" деген сөздөр "мобилдик телефонунун номери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Административдик доосу сотко сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумуна жайгашкан форманы толтуруу аркылуу да санариптик түрдө берилиши мүмкүн, ага санариптик чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте санариптик кол тамга же идентификатор менен кол коюлат.";
7) 124-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Каршы пикир сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик түрдө берилиши мүмкүн, ага санариптик чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте санариптик кол тамга же идентификатор менен кол коюлат.";
8) 125-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ишке катышкан жактар ушул Кодекстин 1311-беренесине ылайык видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен алдын ала соттук жыйналышка катышууга укуктуу.";
9) төмөнкүдөй мазмундагы 1311-берене менен толукталсын:
"1311-берене. Видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен соттук жыйналыш
1. Соттук жыйналышты өткөрүү учурунда соттун имаратында жеке өзү катышууга объективдүү себептер боюнча мүмкүнчүлүгү болбогон ишке катышуучу жак, анын өкүлү, ошондой эле күбө, эксперт, адис же котормочу соттук жыйналышка видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу, анын ичинде жеке санариптик түзүлүштөрдү пайдалануу менен катышууга укуктуу. Мындай жактардын соттук жыйналышка катышуусу жөнүндө маселе ишке катышкан жактардын өтүнмөсү боюнча же соттун жеке демилгеси боюнча жана соттун тиешелүү техникалык мүмкүнчүлүгү болгон учурда сот тарабынан чечилет. Жеке санариптик түзүлүштөрдү колдонуу менен видеоконференцбайланыш тутуму пайдаланылган учурда видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу тартибине, ыкмаларына жана шарттарына коюлган талаптар сакталууга тийиш.
2. Сотко катышып жаткан жактар, ошондой эле эксперт, адис жана күбө видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен соттук жыйналышка катышуу жөнүндө өтүнмөсүн процесстин кайсы баскычында болбосун сотко билдире алат.
3. Ишти карап жаткан сот соттук жыйналышка катышуусу зарыл болгон жактын жашаган жери, турган жери же жайгашкан жери боюнча видеоконференцбайланыш тутумун пайдаланууга укуктуу.
4. Катышуусу иштин туура чечилиши үчүн керек болгон адамдардын видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен соттук жыйналышка катышуусу жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал соттук жыйналыштын протоколуна киргизилет. Соттун кабарлоосу аныктама чыккан күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбестен ишке катышкан жактарга жана соттук процесстин башка катышуучуларына, ошондой эле видеоконференцбайланыш түзүлө турган тиешелүү сотко жиберилет.
5. Ишти карап жаткан соттун соттук жыйналышынын катчысы катышуусу ишти туура кароо үчүн зарыл болгон жактын соттук жыйналышка катышуусун видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу камсыз кылуучу сот менен байланышты түзөт.
Мындай жактын турган жериндеги соттун кызматкери соттук жыйналышта төрагалык кылуучунун тескемеси боюнча соттук жыйналышта видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен катышуусу керек болгон жактардын келүүсүн текшерет, алардын инсандыгын аныктайт, ошондой эле соттук жыйналыштын жүрүшүндө төрагалык кылуучунун башка тескемелерин аткарат, анын ичинде зарыл болгон учурда күбөдөн көрсөтмө берүүдөн баш тартканы жана билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергени үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертилгендиги, ишке катышып жаткан жакка укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөндүгү тууралуу тил кат алат, соттук териштирүүнүн катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү материалдарды кабыл алат. Видеоконференцбайланыш түзүлгөн жактардан сотто алынган бардык документтер соттук жыйналыш өткөн күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен ушул ишти карап жаткан сотко иштин материалдарына тиркөө үчүн жиберилүүгө тийиш.
Видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу ишке катышып жаткан күбөнүн, эксперттин, адистин жана котормочунун процесстик мыйзамдардын талаптарын сактоолорунун зарылдыгы, көрсөтмө берүү, эксперттик корутунду чыгаруу жана котормону жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө эскертилгендиги тууралуу тил каты санариптик формада алынат. Мындай тил каттын санариптик формасы ушул Кодекстин 63, 136, 145 жана 150-беренелерине ылайык сот тарабынан алынуучу тил катка теңдештирилет.
6. Сот техникалык мүмкүнчүлүктөр жок болгон учурда (техникалык жабдыктын жоктугу же бузук болушу) соттук жыйналышты видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен өткөрүү жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.
7. Ушул беренеде белгиленген эрежелер апелляциялык инстанция сотунда колдонулушу мүмкүн.
8. Соттук жыйналыштын жүрүшүндө видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу тартиби, ыкмалары жана шарттары санариптик чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык соттордун ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу орган тарабынан аныкталат.";
10) 133-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Соттук жыйналышты өткөрүүдө ишке катышып жаткан жактар жана процесстин башка катышуучулары видеоконференцбайланыш тутумдарына жана түзүлүштөрүнө коюлуучу талаптарды аткарууга милдеттүү.";
11) 134-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен соттук териштирүүнү жүргүзүүдө соттук жыйналышта тартипти кайрадан бузууга жол берген, ошондой эле сотко урматтоо көрсөтпөгөн жактардын чыгып сүйлөө жана өз билдирүүлөрүн айтуу (алардын видео сүрөттөлүшүн өчүрүү менен же ансыз) мүмкүнчүлүгү соттук жыйналыштын бүткүл убактысында же бөлүгүндө чектелиши мүмкүн.";
12) 137-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"137-берене. Күбөлөрдү соттук жыйналыштын залынан чыгарып салуу
Келген күбөлөр соттук жыйналыш залынан чыгарып жиберилет. Төрагалык кылуучу суракка алынган күбөлөр суракка алына элек күбөлөр менен сүйлөшпөөсү үчүн чара көрөт, ал эми видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен суракка алынуучу күбөлөргө карата мындай күбөлөрдүн аларды суракка алуу башталганга чейин соттук жыйналышка көрсөтүлгөн ыкма менен катышуусун жокко чыгаруучу чараларды көрөт.";
13) 143-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) соттук жыйналыштын жүрүшүндө сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарында же санариптик түзүлүштөрүндө бузулуулар келип чыкса (анын ичинде аудио жана видео жазуу каражаттарынын бузулушу). Мында соттук жыйналыштын катчысы аудио жана видео жазуу каражаттарынын оң болушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.";
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Сот процесстин катышуучусунун өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча, анын ичинде сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын же санариптик түзүлүштөрдү соттук жыйналыштын жүрүшүндө пайдаланууда бузулуулар келип чыккан учурда соттук жыйналышта тыныгуу жарыялай алат.";
14) 151-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ар бир күбө өзүнчө суракка алынат. Күбөнү видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен суракка алуу ишти карап жаткан сот тарабынан ушул Кодекстин 1311-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ушул Кодексте белгиленген күбөнү суракка алуу үчүн жалпы эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.";
15) төмөнкүдөй мазмундагы 131-глава менен толукталсын:
"131-глава. Санариптик формадагы административдик сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү
1701-берене. Санариптик формадагы административдик сот өндүрүшү
1. Административдик сот өндүрүшү кагаз жүзүндө же сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын пайдалануу менен санариптик формада жүргүзүлөт.
2. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдары санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык колдонулат. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын жана санариптик сервистерин колдонуу шарттары жана тартиби Жогорку сот тарабынан аныкталат.
3. Судья жүйөлүү аныктама чыгаруу менен сот өндүрүшүнүн формасын өзгөртүүгө укуктуу. Сот өндүрүшүнүн формасы өзгөргөн учурда, иштин материалдары тиешелүү формага (кагаз же санариптик) өзгөртүлөт.
4. Санариптик формадагы сот өндүрүшүн тандаган учурда административдик иштер санариптик формада түзүлөт.
1702-берене. Санариптик формадагы административдик сот өндүрүшүнүн документтери
1. Идентификация тутумунун эрежелерине ылайык колдонулуучу санариптик колтамганын же идентификатордун жардамы менен өзгөрбөстүгү камсыз кылынган сот актылары жана башка процесстик документтер административдик сот өндүрүшүнүн санариптик документтери болуп саналат.
2. Санариптик колтамгаларды, санариптик идентификаторлорду колдонуунун тартиби жана шарттары жана санариптик документтердин өз колу менен кол коюлган кагаз жүзүндөгү документтерге мааниси теңдеш экендиги санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн санариптик документтерден сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарында санариптик административдик иш түзүлөт.
4. Кагаз жүзүндөгү же башка материалдык алып жүрүүчүдөгү документ санариптик жуп нуска болуп кайра түзүлөт жана санариптик административдик иштин материалдарына тиркелет.
1703-берене. Соттук жыйналышты протоколдоо
1. Сот аудио жана (же) видео жазуу санариптик технологиялык тутумун колдонгон учурда соттук жыйналыштын аудио жана (же) видео жазуусу протокол менен таанылат. Мында төмөнкүлөр чагылдырылган жазуу жүзүндөгү кыска протокол түзүлөт жана ишке тиркелет: соттук териштирүү өткөн жана протокол түзүлгөн дата, орду, убактысы; соттун аталышы жана анын курамы; тараптарды көрсөтүү менен иштин аталышы; соттук жыйналыштын жүрүшүндө аудио жана (же) видео жазуу каражаттарын, видеоконференцбайланыш тутумдарын жана (же) сот өндүрүшүнүн башка санариптик технологиялык тутумдарын колдонуу жөнүндө маалыматтар; ишке катышып жаткан жактар далил катары берген кошумча материалдар ишке тиркелгендиги жөнүндө маалыматтар.
Техникалык мүмкүнчүлүк бар учурда аудио жана (же) видео жазуу текстти автоматтык түрдө таануу жолу менен алынган тексттик чечмелөө менен коштолушу мүмкүн.
2. Соттук жыйналыштын жүрүшүн жаздырууну камсыздоочу аудио жана (же) видео жазуу каражаттарын колдонуу, аудио жана (же) видео жазууну сактоо жана жок кылуу тартиби жана шарттары, ошондой эле аудио жана (же) видео жазууга жеткиликтүү болуу тартиби санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык Жогорку сот тарабынан аныкталат.
1704-берене. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын колдонуучуларды, ошондой эле ишке катышуучу жактарды идентификациялоо жана аутентификациялоо
1. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын колдонуучулардын, ошондой эле ишке катышып жаткан жактардын, алардын соттук жыйналышка видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу катышып жаткан өкүлдөрүнүн, күбөнүн, эксперттин, адистин жана котормочунун инсандыгын аныктоо Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун негизинде санариптик аутентификациялоо сервиси аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Бирдиктүү идентификациялоо тутумун пайдалануу менен санариптик идентификациялоонун жана санариптик аутентификациялоонун тартиби жана жол-жобосу, санариптик идентификациялоонун натыйжаларын эсепке алуунун тартиби жана санариптик идентификациялоонун фактылары жөнүндө маалыматтын бүтүндүгүн камсыз кылуунун тартиби, Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун негизинде санариптик аутентификациялоо сервисин колдонуунун тартиби Бирдиктүү идентификациялоо тутуму жөнүндө жобо менен аныкталат.
3. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын колдонуучуларды, ошондой эле ишке катышуучу жактарды Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун сервистерин колдонуу менен санариптик идентификациялоонун жана санариптик аутентификациялоонун өзгөчөлүктөрү санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык соттордун ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу орган тарабынан аныкталышы мүмкүн.
1705-берене. Соттук жыйналышты трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо)
1. Сот ишке катышып жаткан жактардын өтүнмөсү боюнча же өз демилгеси боюнча соттук жыйналышты телекөрсөтүү, радио аркылуу жана (же) Интернет түйүнүндө түз эфир режиминде трансляциялоого (онлайн-трансляциялоого) уруксат берүүгө укуктуу.
2. Соттук жыйналышты трансляциялоого (онлайн-трансляциялоо) жол берилиши жөнүндө чечим сот адилеттигинин кызыкчылыктарын, айкындуулукту сактоону, ошондой эле сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын сактоону жана коопсуздугун камсыз кылууну эске алуу менен сот тарабынан аныкталат.";
16) 176-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ишке катышуучу жактар сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын пайдалануу аркылуу соттун чечими менен таанышууга жана анын жуп нускасын алууга укуктуу.
Тараптарга сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен жөнөтүлгөн соттун чечими талаптагыдай жөнөтүлгөн деп эсептелинет.";
17) төмөнкүдөй мазмундагы 1961-берене менен толукталсын:
"1961-берене. Соттук териштирүүнү аудио жана видео белгилөө каражаттары менен жаздырып белгилөө
1. Соттук жыйналыштын жүрүшүн жаздыруу милдеттүү болуп саналат жана ал аудио жана видео жазуу каражаттарынын жардамы менен жүзөгө ашырылат. Соттук жыйналыштын аудио жана видео жазуу каражаттары менен белгилөөнү соттук жыйналыштын катчысы жүзөгө ашырат.
Тараптардын макулдугу менен судья, сот төмөнкүдөй өзгөчө учурларда соттук жыйналышты аудио жана видео белгилөөсүз өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат:
- сот адилеттигинин кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана соттук жыйналыштын катышуучуларынын процесстик укуктарын коргоо максатында;
- техникалык бузуктарды жоюу мүмкүн болбогондо.
2. Катчы сот жыйналышы башталганга чейин аудио жана видео жазуу каражаттарынын техникалык жактан оң экендигин, соттук жыйналышка катышууга тийиш болгон адамдардын келгендигин текшерет, бул жөнүндө төрагалык кылуучу судьяга маалымдайт жана тапшырма боюнча ушул Кодексте каралган башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.
Аудио жана видео жазуу каражаттарын пайдалануу мүмкүн болбогон учурда себептерин көрсөтүү менен акт түзүлөт, ал иштин материалдарына тиркелет.";
18) төмөнкүдөй мазмундагы 1971-берене менен толукталсын:
"1971-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун протоколунун мазмуну
Кассациялык инстанциядагы соттук жыйналыштын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) соттук жыйналыштын датасы жана орду;
2) соттук жыйналыштын ачылышынын жана жабылышынын (башталышы жана аякташы) убактысы;
3) ишти караган соттун аталышы, соттун курамы, соттук жыйналыштын катчысы;
4) иштин аталышы;
5) төрагалык кылуучунун тескемелери жана кеңешүүчү бөлмөгө чыкпастан сот тарабынан чыгарылган өзүнчө процесстик акт катары кабыл алынбаган аныктамалар;
6) сот актысын кабыл алуу үчүн соттун чыгып кетүүсү тууралуу маалымат;
7) соттук актынын резолюциялык бөлүгүн же толук текстин жарыя кылуу жөнүндө маалымат;
8) протоколду түзүү жана кол коюу датасы.";
19) 198-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Протокол жазуу жүзүндө түзүлөт.";
б) 3-бөлүктө "пайдалана алат" деген сөздөр "пайдаланат" деген сөзгө алмаштырылсын;
20) 199-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ишке катышып жаткан жактар же алардын өкүлдөрү протокол менен, анын ичинде соттук жыйналыштын аудио жана (же) видео жазуусунун мазмуну менен алар даярдалган жана кол коюлган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде таанышууга укуктуу.
Аталган жактар протокол менен таанышкандан кийин жасалган процесстик иш-аракеттердин жана алардын жыйынтыктарын белгилөөнүн толук эместигин көрсөтүү менен үч жумушчу күндүн ичинде протоколго, аудио жана (же) видео жазуунун мазмунуна (соттук жыйналыштын жүрүшүндө аудио жана (же) видео жазуу процессинде үзгүлтүк болгон учурда) жазуу жүзүндө сын-пикирлерди берүүгө укуктуу.";
21) 213-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Апелляциялык даттануу (сунуштама) ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен апелляциялык инстанциянын сотуна берилиши мүмкүн.";
22) 214-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) жазуу жүзүндө же сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик формада берилет.";
б) 2-бөлүктүн 2-пунктунда "телефондорунун" деген сөз "уюлдук телефонунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 220-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Апелляциялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикир ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик формада берилиши мүмкүн.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Апелляциялык даттанууга (сунуштамага) берилген санариптик формадагы каршы пикир жана анын тиркемелери сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырылат.";
24) 224-берене төмөнкүдөй мазмундагы 16-бөлүк менен толукталсын:
"16. Апелляциялык инстанциянын соту тарабынан ишти видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен кароо тартиби ушул Кодекстин 1311-беренесинде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул берененин эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.";
25) 249-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кассациялык даттануу (сунуштама) машинага басылган текст түрүндө жазуу жүзүндө же болбосо сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик формада берилет.";
б) 2-бөлүктүн 2-пунктунда "телефондорунун" деген сөз "мобилдик телефонунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
26) 252-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кассациялык даттануу (сунуштама) ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун колдонуу менен санариптик түрдө берилиши мүмкүн.";
27) 272-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо арызы (сунуштама) ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун колдонуу менен санариптик формада берилиши мүмкүн.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-пункттар менен толукталсын:
"21) вндеоконференцбайланыш - аудио уктурууларды жана видео сүрөттөлүштөрдү реалдуу убакытта берүүнү камсыз кылуучу техникалык каражаттарды колдонуу менен соттук териштирүүнүн алыста турган эки же андан көп катышуучуларынын ортосундагы байланыштын сеансы;
22) трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо) - чектелбеген сандагы пайдалануучулар үчүн түз эфир режиминде телекөрсөтүү, радио каражаттары аркылуу жана (же) Интернет түйүнүндө маалыматты жайылтуу жана берүү;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:
"111) жазуу формасы - доо арызды, арызды, даттанууну, сот актысын, сот жыйналышынын протоколун, башка документти, билдирүүнү же маалыматты кагаз жүзүндө (машинкага басылган) же санариптик формада түзүү жана берүү ыкмасы;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 231, 232, 233, 234-пункттар менен толукталсын:
"231) санариптик сот иши - сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда түзүлүүчү жарандык же экономикалык иш;
232) санариптик соттук материалдар - сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда түзүлүүчү соттук материалдар;
233) сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутуму - сот өндүрүшүндө санариптик маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн багытталган санариптик түзүлүштөрдүн, алар үчүн программалардын жана маалыматтар базасынын тутуму;
234) билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси - санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына шайкеш келген, соттук кабарлоонун алынгандыгын ырастоо кепилдиги менен ишке катышкан жактарга жана процесстин башка катышуучуларына соттук кабарлоону жеткирүүнү камсыз кылуучу санариптик сервис;";
г) төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Ушул Кодексте колдонулуучу санариптик технологияларга байланыштуу терминдер жана түшүнүктөр санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарда келтирилген маанилерде колдонулат.";
2) 13-берененин 2-бөлүгүндө "маалыматтык-телекоммуникациялык" деген сөздөр алып салынсын;
3) 28-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-берене. Жарандык иштердин сотторго караштуулугу
Административдик сотко караштуу иштерден тышкаркы бардык жарандык иштер райондук сотко (шаардагы райондук сотко, шаардык сотко) караштуу болот.
Сот өндүрүшүн санариптик формада жүзөгө ашырууда ушул Кодексте белгиленген жарандык иштердин аймактык сотко караштуулугу, сотко өзгөчө караштуулук тартибинде каралуучу жарандык иштерди кошпогондо, иштерди жана материалдарды судьялар менен соттордун ортосунда бирдей бөлүштүрүү максатында өзгөртүлүшү мүмкүн.
Сот өндүрүшүн санариптик формада жүргүзүүдө жарандык иштерди автоматтык бөлүштүрүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан аныкталат.";
4) 91-берененин 1-бөлүгүндө "Электрондук" деген сөз "Санариптик" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 123-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ушул беренеде каралган процесстик мөөнөттөрдү эсептөө тартиби сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун колдонуу менен сотко берилүүчү документтерге дагы жайылтылат.";
6) 128-берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"10. Сот иштин материалдарын сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырууга жана ишке катышуучу жактарга алар менен таанышууга жана кийин алардын жуп нускасын даярдоого мүмкүнчүлүк берүүгө укуктуу. Иштин материалдарын мындай жайгаштыруу талаптагыдай кабарлоо болуп саналат. Кабарлоону (чакыруу кагазын) алган тараптар сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу аркылуу иштин материалдары менен таанышууга укуктуу.";
7) I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 121-глава менен толукталсын:
"121-глава. Санариптик формадагы сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү
1331-берене. Санариптик формадагы жарандык сот өндүрүшү
1. Жарандык сот өндүрүшү кагаз жүзүндө же сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын пайдалануу менен санариптик формада жүзөгө ашырылат.
2. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдары санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык колдонулат. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын жана санариптик сервистерин колдонуу шарттары жана тартиби Жогорку сот тарабынан аныкталат.
3. Сот жүйөлүү аныктама чыгаруу менен сот өндүрүшүнүн формасын өзгөртүүгө укуктуу. Сот өндүрүшүнүн формасы өзгөргөн учурда, сот иштери же соттук материалдар тиешелүү формага (кагаз же санариптик) өзгөртүлөт.
4. Санариптик формадагы сот өндүрүшүн тандаган учурда сот иштери жана соттук материалдар санариптик формада түзүлөт. Айрым документтер соттун ыктыяры боюнча кагаз жүзүндө талап кылынышы мүмкүн.
1332-берене. Санариптик формадагы сот өндүрүшүнүн документтери
1. Идентификация тутумунун эрежелерине ылайык пайдаланылуучу санариптик колтамганын же идентификатордун жардамы менен өзгөрбөстүгү камсыз кылынган сот актылары жана башка процесстик документтер сот өндүрүшүнүн санариптик документтери болуп саналат.
2. Санариптик кол тамгаларды, санариптик идентификаторлорду пайдалануунун тартиби жана шарттары жана санариптик документтердин өз колу менен кол коюлган кагаз жүзүндөгү документтерге мааниси теңдеш экендиги санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн санариптик документтерден сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарында санариптик сот иши же санариптик соттук материалдар түзүлөт.
4. Кагаз жүзүндөгү же башка материалдык алып жүрүүчүдөгү документ санариптик жуп нуска болуп кайра түзүлөт жана санариптик соттук иштин материалдарына же санариптик соттук материалдарга тиркелет.
1333-берене. Соттук жыйналышты протоколдоо
1. Сот аудио жана (же) видео жазуу санариптик технологиялык тутумун колдонгон учурда сот жыйналышынын аудио жана (же) видео жазуусу протокол менен таанылат. Мында төмөнкүлөр чагылдырылган жазуу жүзүндөгү кыска протокол түзүлөт жана ишке тиркелет: сот жыйналышы өткөн жана протокол түзүлгөн датасы, орду, убактысы; соттун аталышы жана анын курамы; тараптарды көрсөтүү менен иштин аталышы; сот жыйналышынын жүрүшүндө аудио жана (же) видео жазуу каражаттарын видеоконференцбайланыш тутумун жана (же) сот өндүрүшүнүн башка санариптик технологиялык тутумдарын колдонуу жөнүндө маалыматтар; ишке катышып жаткан жактар далил катары берген кошумча материалдар ишке тиркелгендиги жөнүндө маалыматтар.
Техникалык мүмкүнчүлүк бар учурда аудио жана (же) видео жазуу текстти автоматтык түрдө таануу жолу менен алынган тексттик чечмелөө менен коштолушу мүмкүн.
2. Сот жыйналышынын жүрүшүн белгилөөнү камсыздоочу аудио жана (же) видео жазуу каражаттарын колдонуу, аудио жана (же) видео жазууну сактоо жана жок кылуу тартиби жана шарттары, ошондой эле аудио жана (же) видео жазууга жеткиликтүү болуу тартиби санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык Жогорку сот тарабынан аныкталат.
1334-берене. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын колдонуучуларды, ошондой эле ишке катышуучу жактарды идентификациялоо жана аутентификациялоо
1. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын колдонуучулардын жана ишке катышып жаткан жактардын, алардын соттук жыйналышка видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу катышып жаткан өкүлдөрүнүн, күбөнүн, эксперттин, адистин жана котормочунун керт башын аныктоо Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун негизинде санариптик аутентификациялоо сервиси аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Бирдиктүү идентификациялоо тутумун пайдалануу менен санариптик идентификациялоонун жана санариптик аутентификациялоонун тартиби жана жол-жобосу, санариптик идентификациялоонун натыйжаларын эсепке алуунун тартиби жана санариптик идентификациялоо фактылары жөнүндө маалыматтын бүтүндүгүн камсыз кылуунун тартиби, Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун негизинде санариптик аутентификациялоо сервисин колдонуунун тартиби Бирдиктүү идентификациялоо тутуму жөнүндө жобо менен аныкталат.
3. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын колдонуучуларды, ошондой эле ишке катышуучу жактарды Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун сервистерин колдонуу менен санариптик идентификациялоонун жана санариптик аутентификациялоонун өзгөчөлүктөрү санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык соттордун ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу орган тарабынан аныкталышы мүмкүн.
1335-берене. Сот жыйналышын трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо)
1. Сот ишке катышып жаткан жактардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси боюнча сот жыйналышын телекөрсөтүү, радио аркылуу жана (же) Интернет түйүнүндө түз эфир режиминде трансляциялоого (онлайн-трансляциялоо) уруксат берүүгө укуктуу.
2. Сот жыйналышын трансляциялоого (онлайн-трансляциялоого) жол берилиши жөнүндө чечим сот адилеттигинин кызыкчылыктарын, айкындуулукту сактоону, сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууну эске алуу менен сот тарабынан аныкталат.";
8) 134-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Доо арызы сотко сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырылган форманы толтуруу аркылуу да берилиши мүмкүн жана ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте санариптик колтамга же идентификатор менен кол коюлат.";
9) 152-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Доого каршы пикир сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу сотко санариптик формада берилиши мүмкүн.";
10) 154-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ишке катышып жаткан жактар ушул Кодекстин 158-1-беренесине ылайык видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен алдын ала өтүүчү сот жыйналышына катышууга укуктуу.";
11) төмөнкүдөй мазмундагы 1581-берене менен толукталсын:
"1581-берене. Видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен өтүүчү сот жыйналышы
1. Сот жыйналышын өткөрүү учурунда соттун имаратында жеке өзү келүүгө объективдүү себептер менен мүмкүнчүлүгү болбогон ишке катышуучу жак, анын өкүлү, ошондой эле күбө, эксперт, адис же котормочу сот жыйналышына жеке санариптик түзүлүштөрдү пайдалануу менен видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу алыстан катышууга укуктуу. Мындай жактын сот жыйналышына катышуу маселеси соттун тиешелүү техникалык мүмкүнчүлүгү болгон учурда ишке катышып жаткан жактардын өтүнүчү менен сот тарабынан же соттун жеке демилгеси менен чечилет. Жеке санариптик түзүлмөлөрдү колдонуу менен видеоконференцбайланыш тутуму пайдаланылган учурда видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу тартибине, ыкмаларына жана шарттарына карата талаптар сакталууга тийиш.
2. Ишке катышып жаткан жактар, ошондой эле эксперт, адис жана күбө видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен сот жыйналышына катышуу жөнүндө өтүнүчүн процесстин кайсы баскычында болбосун сотко билдире алышат.
3. Ишти карап жаткан сот сот жыйналышына катышуусу зарыл болгон жактын жашаган жерин, турган жери же жайгашкан жери боюнча сотто видеоконференцбайланыш тутумун колдонууга укуктуу.
4. Катышуусу иштин туура чечилиши үчүн керек болгон жактын видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен сот жыйналышына катышуусу жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал сот жыйналышынын протоколуна киргизилет. Соттун кабарлоосу аныктама чыккан күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен ишке катышып жаткан жактарга жана соттук процесстин башка катышуучуларына, ошондой эле видеоконференцбайланыш түзүлө турган тиешелүү сотко жиберилет.
5. Ишти карап жаткан соттун сот жыйналышынын катчысы катышуусу ишти туура кароо үчүн зарыл болгон жактын сот жыйналышына видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу камсыз кылуучу сот менен байланышты түзөт.
Мындай жактын турган жериндеги соттун кызматкери сот жыйналышына төрагалык кылуучунун тескемеси боюнча сот жыйналышында видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен катышуусу керек болгон жактардын келүүсүн текшерет, алардын керт башын аныктайт, ошондой эле сот жыйналышын жүрүшүндө төрагалык кылуучунун башка тескемелерин аткарат, анын ичинде зарыл болгон учурда күбөдөн көрсөтмө берүүдөн баш тартканы же билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергени үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертилгендиги, ишке катышып жаткан жакка укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөндүгү тууралуу колтамга алат, соттук териштирүүнүн катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү материалдарды кабыл алат. Видеоконференцбайланыш түзүлгөн жактардан сотто алынган бардык документтер сот жыйналышы өткөн күндүн кийинки күндөн кечиктирилбестен ушул ишти карап жаткан сотко иштин материалдарына тиркөө үчүн жиберилүүгө тийиш.
Видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу ишке катышып жаткан күбөнүн, эксперттин, адистин жана котормочунун көрсөтмө берүү, эксперттик корутунду чыгаруу жана котормону жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө процесстик мыйзамдардын талаптарын сактоолорунун зарылдыгы эскертилгендиги тууралуу колтамгасы санариптик формада алынат. Мындай колтамганын санариптик формасы ушул Кодекстин 79, 164, 173 жана 178-беренелерине ылайык сот тарабынан алынган колтамгага теңештирилет.
6. Сот техникалык мүмкүнчүлүктөр жок болгон учурда (техникалык жабдуулардын жоктугу же бузук болушу ж.б.) сот жыйналышын видеоконфренцбайланыш тутумун пайдалануу менен өткөрүү жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.
7. Ушул беренеде белгиленген эрежелер апелляциялык инстанция сотунда да колдонулушу мүмкүн.
8. Сот жыйналышынын жүрүшүндө видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу тартиби, ыкмалары жана шарттары санариптик чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык соттордун ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыз кылууну ишке ашыруучу орган тарабынан аныкталат.";
12) 160-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен сот жыйналышын өткөрүүдө ишке катышып жаткан жактар жана процесстин башка катышуучулары видеоконференцбайланыш тутумдарына жана түзүлүштөрүнө коюлган талаптарды сактоого милдеттүү.";
13) 161-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен сот жыйналышын өткөрүүдө сот жыйналышында тартипти кайрадан бузууга жол берген, ошондой эле сотко урматтабай мамиле жасаган жактардын чыгып сүйлөө жана өз билдирүүлөрүн айтуу мүмкүнчүлүгү (алардын видео сүрөттөлүшүн өчүрүү менен же ансыз) сот жыйналышынын бүткүл убактысында же айрым бөлүгүндө чектелиши мүмкүн.";
14) 165-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"165-берене. Күбөлөрдү сот жыйналышынын залынан чыгарып салуу
Келген күбөлөр сот жыйналышынын залынан чыгарып жиберилет. Төрагалык кылуучу суракка алынган күбөлөр суракка алына элек күбөлөр менен сүйлөшпөөсү үчүн чара көрөт, ал эми видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен суракка алынуучу күбөлөргө карата мындай күбөлөрдүн аларды суракка алуу башталганга чейин сот жыйналышына көрсөтүлгөн ыкма менен катышуусун жокко чыгаруучу чараларды көрөт.";
15) 171-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууга ушул Кодексте каралган учурларда, ошондой эле эгерде сот процесстин катышуучуларынын кимдир бирөөсү келбегендигинин, тосмо доо коюлгандыгына, кошумча далилдерди берүүнүн же талап кылуунун зарылдыгынын, тараптарды медиатор менен милдеттүү маалыматтык жолугушууга жиберүүнүн, ишке катышууга башка жактарды тартуунун, процесстик башка аракеттерди жүргүзүүнүн, сот жыйналыштын жүрүшүндө сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарында же санариптик түзүлүштөрүндө бузулуулардын (анын ичинде аудио жана видео жазуу каражаттарынын бузулушу) келип чыгуусунун натыйжасында бул сот жыйналышында ишти кароо мүмкүн эмес деп тааныганда жол берилет. Мында сот жыйналышынын катчысы аудио жана видео жазуу каражаттарынын оң абалда болушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.";
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Сот ишке катышуучу жактын өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча, анын ичинде сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын же санариптик түзүлүштөрдү соттук жыйналыштын жүрүшүндө пайдаланууда бузулуу келип чыккан учурда сот жыйналышында тыныгуу жарыялай алат.";
16) 179-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ар бир күбө өзүнчө суракка алынат. Күбөнү видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен суракка алуу ишти карап жаткан сот тарабынан ушул Кодекстин 1581-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ушул Кодексте белгиленген күбөнү суракка алуу үчүн жалпы эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.";
17) 214-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ишке катышып жаткан жактар сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын пайдалануу менен соттун чечими менен таанышууга жана анын жуп нускасын жүктөп алууга укуктуу.
Тараптарга сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен жиберилген соттун чечими талаптагыдай жөнөтүлгөн деп эсептелинет.";
18) 2142-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Арыз сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырылган форманы толтуруу аркылуу да сотко берилиши мүмкүн.";
19) төмөнкүдөй мазмундагы 2291-берене менен толукталсын:
"2291-берене. Соттук териштирүүнү аудио жана видео белгилөө каражаттары менен жазып белгилөө
1. Сот жыйналышынын жүрүшүн жаздыруу милдеттүү болуп саналат жана ал аудио жана видео жазуу каражаттарынын жардамы менен жүзөгө ашырылат. Сот жыйналышын аудио жана видео жазуу каражаттары менен жаздырууну сот жыйналышынын катчысы жүзөгө ашырат.
Тараптардын макулдугу менен судья, сот төмөнкүдөн өзгөчө учурларда сот жыйналышын аудио жана видео белгилөөсүз өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат:
- сот адилеттигинин кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана сот жыйналышынын катышуучуларынын процесстик укуктарын коргоо максатында;
- техникалык бузулууларды жоюу мүмкүн болбогондо.
2. Катчы сот жыйналышы башталганга чейин аудио жана видео жазуу каражаттарынын техникалык жактан оң экендигин, сот жыйналышына катышууга тийиш болгон адамдардын келгендигин текшерет, бул жөнүндө төрагалык кылуучу судьяга маалымдайт жана тапшырма боюнча ушул Кодексте каралган башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.
Аудио жана видео жазуу каражаттарын пайдалануу мүмкүн болбогон учурда себептерин көрсөтүү менен акт түзүлөт, ал иштин материалдарына тиркелет.";
20) 231-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Протокол жазуу жүзүндө түзүлөт.";
б) 3-бөлүктө "колдоно алат" деген сөздөр "колдонот" деген сөзгө алмаштырылсын;
21) 232-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ишке катышып жаткан жактар же алардын өкүлдөрү протокол менен, анын ичинде сот жыйналышынын аудио жана (же) видео жазуунун мазмуну менен алар даярдалган жана кол коюлган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде таанышууга укуктуу.
Аталган жактар протокол менен таанышкандан кийин жасалган процесстик иш-аракеттердин жана алардын жыйынтыктарын белгилөөнүн толук эместигин көрсөтүү менен үч жумуш күндүн ичинде протоколго, аудио жана (же) видео жазуунун мазмунуна (сот жыйналышынын жүрүшүндө аудио жана (же) видео жазуу процессинде үзгүлтүк болгон учурда) жазуу жүзүндө сын-пикирлерди берүүгө укуктуу.";
22) 257-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Доо арыз ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик түрдө сотко берилиши мүмкүн.";
23) 324-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Апелляциялык даттануу (сунуштама) ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен санариптик түрдө апелляциялык инстанцияга берилиши мүмкүн.";
24) 325-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) машинада басылган текст менен жазуу жүзүндө же болбосо сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик формада берилет.";
25) 330-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Апелляциялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикир ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик түрдө сотко берилиши мүмкүн.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Аппеляциялык даттанууга (сунуштамага) санариптик түрдө берилген каршы пикир жана анын тиркемелери сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырылат.";
26) 334-берене төмөнкүдөй мазмундагы 17-бөлүк менен толукталсын:
"17. Апелляциялык инстанциянын соту тарабынан ишти видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен кароо тартиби ушул Кодекстин 1581-беренесинде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул берененин эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.";
27) 354-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кассациялык даттануу (сунуштама) машинага басылган текст түрүндө жазуу жүзүндө же болбосо сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик формада берилет.";
28) 355-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кассациялык даттануу (сунуштама) сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен санариптик түрдө да берилиши мүмкүн.";
29) 3761-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Арыз (сунуштама) сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик түрдө да берилиши мүмкүн.";
30) 407-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өндүрүп алуучу-жарандын жана карызкор-жарандын фамилиясы, аты жана атасынын аты, алардын жашаган жери, идентификациялык жеке номерлери (ИЖН) же идентификациялык салык номери (ИСН), карызкор-жарандын туулган датасы, жери жана иштеген жери, жеке ишкер катары ал мамлекеттик каттоодон өткөн дата жана жер;".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
282-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ишке катышып жаткан жактарды жана процесстин башка катышуучуларын сотко чакыруу төмөнкүдөй ыкмалардын бири менен жүргүзүлөт: СМС-билдирүү, билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, телефонограмма, телеграмма, факсимилдик байланыш, электрондук почта же тиешелүү кабарлоо жөнөтүлгөндүгүн жана даректелүүчү тарабынан алынгандыгын жазууга мүмкүндүк берүүчү телекоммуникациянын башка ушул сыяктуу формалары аркылуу. Мында берилген тексттин сотто калуучу жана ишке тиркелүүчү көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, аны берген датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, кабарлоо соттун чакыруусу менен жүргүзүлөт.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 91 (3747) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |