Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 28-11
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылынын тургуну, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп көп жылдар үзүрлүү эмгектенген Маликов Арапбайга Кыргыз-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылынын тургуну, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп көп жылдар үзүрлүү эмгектенген, айыл аймагынын социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүсүүнө зор салым кошкон, учурда ардагер Маликов Арапбайга Кыргыз-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Маликов Арапбайга Кыргыз-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылынын тургуну, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп көп жылдар үзүрлүү эмгектенген, айыл аймагынын социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүсүүнө зор салым кошкон, учурда эмгек ардагери Маликов Арапбайга Кыргыз-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын
Төрага: | Женишбай уулу Э |