Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-ноябры № 742
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө
«Беш-Арал» мамлекеттик коругунун аймагынын бүтүндүгүн калыбына келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2025-жылдын 17 октябрындагы № 25/150-11-1-11/1-1-01686 сунушун көңүлгө алып, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 35-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кабыл алынган күндөн тартып колдонуу жокко чыгарылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 124 «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чаткал айыл аймагындагы «Беш-Арал» мамлекеттик коругунун аймагында жайгашкан жерлерди «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-майындагы № 290-т тескемеси;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 631-т тескемеси.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын «Беш-Арал» мамлекеттик коругунун аймагында жайгашкан, максаты боюнча эмес пайдаланылган жерлерди алууну, рекультивациялоону жана баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
2) жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3748) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |