Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №10
«Жерди ажыратып берүү жөнүндө»
Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Чымчык- Жар айылынын тургундарынын арызын карап, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Чымчык-Жар айылындагы “Жоогазын” балдар бакчасынын аймагына кошулуп сызылып калган жер аянтын “Эс алуу багы” кылуу үчүн жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Жер аянтын ажыратып, тактап, бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевке жүктөлсүн.
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Кушбаков |