Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 20-сентябры № 127/14-28
Сын-Таш айыл аймагын өнүктүрүүгө өздүк салым кошуу жөнүндө
Сын-Таш айыл аймагынын 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын аткаруу үчүн, Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Сын-Таш айыл аймагын өнүктүрүүгө төмөнкү долбоорлор даярдалсын:
- “Коопсуз Сын-Таш” аймака видеокөзөмөл орнотуу.
- Жетиген айылына мектеп куруу.
- Өтөгөн айылын жарыктандыруу.
- Ак-Сай айылынын клубун ремонттоо.
- К.Шакиров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин эшик жана терезелерин алмаштыруу.
-Сын-Таш айыл аймагына парк куруу.
- Д.Мамашева атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч мектебинин имаратына капиталдык ремонт жүргүзүү.
- Ж.Алыбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин чатырын алмаштыруу.
- Сын-Таш айыл аймагына спорт комплекс куруу.
- Өтөгөн айылына бала бакча куруу.ң
- Совет айылына мини футбол талаасын куруу.
- Өтөгөн айылына мини футбол талаасын куруу.
-Кызыл-Арык айылына балдар аянтчасын куруу.
2. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен эркин жүгүртүүдөгү калдыкдан, жогорудагы долбоорлорго 6 000 000 (алты миллион) сом өздүк салым каралсын.
3. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
| Джолдошбеков Э.Б. |