КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-ноябры № 752
Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 170-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Сезондук жумуштардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-ноябрындагы № 679 “Сезондук жумуштардын Тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 82 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 628 “Сезондук иштердин тизмесин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-ноябрындагы № 679 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 94 (3751) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |