Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-ноябрындагы № 14/65
Жазы айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы боюнча 9 айдын жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 82 беренесине ылайык Жазы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 3-кварталынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 2022-жылдын 12 айына карата салыктарга кошумча план алуу жөнүндө Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жазы айыл өкмөтүнүн бюджетине 2022-жылдын 12 айына салыктардан 3500,0 сом кошумча план алынсы жана үнөмдөлгөн 466,1 сом төмөнкү багыттар боюнча чыгашаларга жумшалсын.
1. Аппарат 3112-350,0
2224-16.1
2215-47,3
3111-273,2
2. Соц коргоого 2721-500,0
3. Орто мектептер 2222-84,4
3112-50,0
2224-213,8
4. ЖКХ 3112-490,3
3111-1212,0
2222-300,0
2214-206,0
2215-100,0
5. Бала бакча 2221-70,0
2224-50,0
6. Библиотека 2224-2,8
7. Айыл чарба бөлүмү 3111-287,3
2. Бала бакча бөлүмүнүн 2022-жылдын атайын каражатына кошумча 2218 беренесине 214,5сом, 2215 беренесине 15,3сом, 2222 беренесине 20,2сом план алууга уруксат берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 11.03.2022-жылдагы №137 токтомуна ылайык дыйкан-фермерлер айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынан бошотулгандыгына байланыштуу
-юридикалык жер салыгынан 196,6миңсом акча каражаты
- милдеттүү патент 16,0миң сом акча каражаты
-жалпы 212,6миң сом акча каражаты 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен пландан кыскартылсын.
4. Айыл чарба бөлүмүнүн 3111 беренесинен 42,7 миң сом, 3112 беренесинен 284,4 миң сом.
- Бала бакчанын атайын каражаттар бөлүмүнөн 2215 беренесинен 26,4миң сом, 2218 беренесинен 158,2 миң сом, 2222 беренесинен 55,4 миң сом, жалпы 567,1 миң сом акча каражаты жогоруда көрсөтулгөн беренелерден кыскартылсын.
5.Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Жазы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | К.Камчибеков |