Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-ноябрындагы № 14/66
Кызыл-Дыйкан айылынын О.Бегматов көчөсүнөн мектепти карай кеткен көчөгө УАМСтын катышуучусу маркум Б.Атаназаровдун ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Дыйкан айылынын жашоочуларынын жыйынын Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу маркум Атаназаров Бакирдин ысмын ат коюлбаган О.Бегматов көчөсүнөн түндуктү карай мектепке кеткен көчөгө ыйгаруу боюнча протоколу менен таанышып жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Кызыл-Дыйкан айылынын О.Бегматов көчөсүнөн түндүк тарапты карай мектепке кеткен көчө Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу маркум Атаназаров Бакирдин ысмы ыйгарылсын.
2. Көчөдөгу үйлөргө катар номерлерди жана көчөнун атын жаздырып илдирүү Атаназаров Жылдыздын үй бүлөсүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Камчибеков |