Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-ноябрындагы № 14/70
Кара-Дыйкан айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Балтабаев Абдинабинин Кара-Дыйкан айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап
Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Кара-Дыйкан айылынын 3-б кварталына өзгөртүү киргизилсин мурдагы гараждын жанындагы М.Акматов көчөсүндөгу бош жаткан жер муниципалдык менчикке алынсын жана ал жерге балдар ойноочу жай куруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Камчибеков |