Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-ноябрындагы № 14/73
Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылындагы Т.Ташмаматов атындагы орто мектебинин бөлүнгөн жер тилкесине кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолоевдин Жазы айыл аймагындагы Т.Ташмаматов атындагы орто мектебинин бөлүнгөн жер тилкесине кичи футбол аянтчасын куруу жөнундө маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. ”Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунуни негизинде Жазы айыл аймагындагы Т.Ташмаматов атындагы орто мектебинин бөлүнгөн жер тилкесине кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 165 881 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Камчибеков |