АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
АК-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 9-октябры №33
Самаркандек жалпы дарыгердик практика борборунун №10- Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Самидинова Айпери жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январында кабыл алынган №14 “Жарандардын ден-соолугун коргоо жѳнүндѳ” Мыйзамынын 162-беренесинин,4-пунктуна ылайык, Ак-Сай айылдык кеңеши токтом кылат:
- Самаркандек жалпы дарыгердик практика борборунун №10- Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Самидинова Айпериге Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен “Жарандардын ден-соолугун коргоо жөнүндө”мыйзамына ылайык, кызматтык маянанын он эсе өлчөмүндөгү бир жолку жөлөкпул төлөп берүүгө макулдук берилсин
- Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
- Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин экономикалык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Тѳрайым | Ш.Омурова
|