Редакцияот 23.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 23-сентябры  №59

 Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө.

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат

 

 

1.       Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-ж 17-декабрындагы №309 Токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Суу Ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин мөөнөтсүз пайдалануусуна өткөрүлүп берилген сугат айдоо жерлеринин ижара акысын белгилөө формуладагы К-коэфициент 20 болуп белгиленсин.

2.      Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

3.      Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Дилишатов