Редакцияот 23.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 23-сентябры  №62

 Кара-Бак, Кызыл-Бел айылдарынын №208, 319, 503, 287-контурларындагы 0,91 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.

        

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры № 665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын аныктамасынын негизинде Кызыл-Бел айылынын №208, 319, 503, 287-контурларындагы 0,91 га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Бак айыл өкмөтү  Кызыл-Бел жана Кара-Бак айылдарындагы Кара-Бак айлындагы №208 контурундагы 0,32 га жана №319 контурунда жайгашкан 0,10 га,  Кызыл-Бел айылындагы №503 контурундагы 0,36 га жана №503 контурундагы 0,03 га жана №287 контурунда жайгашкан 0,10 га жалпы 0,91 га жер аянттарын Өнөр жай багытына которууга (трансформацялоого) макулдук берилсин.
  2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Дилишатов