Редакцияот 23.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 23-сентябры  №63

 Алты-Адыр участкасынан 1,0га жер аянтынын эскиздик башкы планын бекитүү  жөнүндө

     

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун  эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы өнөр жайга трансформация болгон 12,0 га жердин эскиздик башкы планы бекитилсин.
  2. Ушул 12,0 га жер аянтынын ичинен 1,0 га аянтына ферма куруу үчүн,жана ижарага берүүгө макулдук берилсин.
  3. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Дилишатов