КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
2025-жылдын 23-сентябры №65
Жер аянтынын багытын которууга макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1-бөлүмунүн 12-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Бак айылынын тургуну Сидиков Умарали Бакировичтин менчик турак жай үчүн берилген 8-01-09-1001-0550 идентификациялык кодундагы 0,12 га жер аянтынын ичинен 0,05 га бөлүгүн коммерциялык багытка которууга макулдук берилсин.
- Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Дилишатов |