Редакцияот 15.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы

 

2025-жылдын 15-октябры  №70

Жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу  жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренсине ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши токтом  кылат:

 

 

1.    Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылында административдик имарат куруу үчүн калтырылган 0,13 га жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

2.    Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Дилишатов