Редакцияот 15.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы

 

2025-жылдын 15-октябры  №71

  

“Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып,  Кара-Бак  айылдык кеңеши токтом  кылат:

1.    Кыргыз  Республикасынын  Президентинин 2022-жылдын  24-февралындагы   №54  Жарлыгынын  жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында, калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө  Жобосу 1-тиркемеге ылайык  бекитилсин.

2.    Айыл аймакта калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби тууралуу Жобонун аткарылышын жана ирээтке келтирүү жагы Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, Кара-Бак аймактык милиция бөлүмүнө, Бузуулар боюнча түзүлгөн комиссиясына, Коомдук алдын алуу борборуна, милдеттендирилсин.

3.    Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Дилишатов