КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
2025-жылдын 15-октябры №73
Бай-Кара-Бак айылына мунициалдык футбол аянтчасын курууга каражат бөлүп берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2026-жылкы бюджетинен Бай-Кара-Бак айылына мунициалдык футбол аянтчасын куруу үчүн стимул грантка салым катары 1738 175 (бир миллион жети жүз отуз сегиз мин бир жүз жетимиш беш) сом бөлүп берилсин.
2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагыфинансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А.Дилишатов |