Редакцияот 15.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы

 

2025-жылдын 15-октябры  №76

 “Кайынды энерго” ЖЧК ишканасына Дөгмөн участкасынан 10 кв электр лииясын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу 848  метр аралыкка тартууга макулдук жөнүндө.

        

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.        “Кайынды энерго” ЖЧК ишканасына Баткен шаарына караштуу Дөгмөн участкасына курула турган кичи ГЭС тен 10 кв электр лииясын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу 848  метр аралыкка тартууга макулдук берилсин.

 

2.      Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3.      Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Бак айылдык кенешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Дилишатов