Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 30-ноябры № 1-06
Элдик Курултайга Кыргыз-Ата айыл аймагынан делегаттарды
шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү
жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган 2024-жылдын 20-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Кыргыз-Ата айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2024-жылдын 01-октябрындагы № 2 чечимине негиз, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча
жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны Көтөрмө маданият үйүндө 2024-жылдын 07-декабрь күнү саат 10-00 дө өткөрүлсүн.
2.Кыргыз-Ата айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү
жыйынынын айылдын жашоочуларынын санына жараша катышуучулардын нормасы 150 болуп бекитилсин.
3.Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларды
көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги бекитилсин.
4.Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү
боюнча жумушчу тобунун курамы бекитилсин (мындан ары – Жумушчу топ).
5.Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү
боюнча аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин.
6.Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүдө уюштуруп берүү
жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин, айылдардагы жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук,
тартип, этика, дин иштери, үй бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б. Дуйшоев |