ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 14-апрелиндеги № 17/85
Жазы айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин эсеп счетундагы,2022-жылдан үнөмдөлгөн жана ашыкча аткарылган кирешелердин эсебинен түзүлгөн 3154,4 сом акча каражатын 2023-жылга карата аткарыла турган иш чаралардын сметасына ылайык бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин 102-беренесине жана финансы, экономика жана бюджет туруктуу комиссиясы, Жазы айыл өкмөтүн ун 2023-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин эсеп-счетундагы үнөмдөлгөн жана ашыкча аткарылган кирешелердин эсебинен түзүлгөн 3154,4 акча каражатын,2023-жылга карата аткарыла турган иш-чаралардын сметасын алдын ала карап. Алардын сунуштарынын негизинде Жазы айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жазы айыл өкмөтунүн 2022-жылда иштелбей(үнөмдөлгөн) калган жана ашыкча аткарылган кирешелердин эсебинен бюджеттен 2936,1 сом, атайын каражаттын эсебинен 218,3 сом акча каражаты жалпы 3154,4сом, 2023-жылга карата аткарылы турган иш-чаралардын негизинде жалпысынан төмөндөгудөй беренелерге ылайык жумшалсын.
1). Жазы айыл өкмөтүнун ЖКХ бөүмүнө 2215-беренесине 1001,1сом, учурдагы ремонтко 2221-беренесине 300,0сом, чарбалык буюмдарга 2222-беренесине 250,0сом,3112-беренесине 1175,0сом, 3113- беренесине 100,0сом жалпысынан 2826,1сом.
2).Кара-Дыйкан маданият үйүнө 2215-беренесине 80,0сом.
3). Жазы айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын атайын каражаттан үнөмдөлгөн акча каражаттын 2222-беренесине 218,3сом.
4). Жазы айыл өкмөтүнүн айыл чарбасына 2215-беренесине 30,0сом.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет,экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Камчибеков |