Редакцияот 14.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы

 

2023-жылдын 14-апрелиндеги № 17/87

 

Кара-Дыйкан айылына улак чабуучу(тай казан) жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Жазы айылдык кеңеши Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы ЖА.Жолоевдин мааламатын жана Кара-Дыйкан айылынын жаштарынын 02.02.2023-жылдагы жыйынын протоколун угуп жана талкуулап Кара-Дыйкан айылынын түндук тарабынан 0,25га жер тилкесин улак чабуу үчүн аянтча(тай казан) үчүн бөлүп берүү жөнүндө айылдык кеңеш

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т

 

1. Кара-Дыйкан айылынын түндук тарабында жайгашкан №276,532 контурдан жалпы аянты 0,25га жер тилкеси улак чабуу (тай казан ) үчүн бөлүнүп берилсин.

 

2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянтын тактап бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолоевге жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

К.Камчибеков