Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-апрелиндеги № 17/88
Жазы айылдык кеңешинин депутаты П.Каракозуевдин депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Жазы айылдык кеңешинин депутаттык этика мыйзамдуулук,укуктук тартипти чыңдоо,кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын айылдыкмкеңештин депутаты Каракозуев Пратали себепсиз бир жылдын ичинде төрт жолудан көп айылдык кеңештин сессиясына катышпагандыгы жөнундө маалыматын угуп жана тплкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жазы айлдык кеңешинин депутаттык этика мыйзамдуулук,укуктук тартипти чыңдоо,кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын айылдык кеңештин депутаты Каракозуев Пратали себепсиз 2022-жылдын 2-авустунан 2023-жылдын апрель айына чейин бир жылдын ичинде төрт жолудан көп, жети жолу айылдык кеңештин сессиясына катышпагандыктан депутаттык ыйгарым укугунан мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнундө жана жергиликтүү кеңештин 21 депутатынан 19 депутаттын макулдугу менен чечим канааттандырылсын.
2. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 статьясынын 10 пунктуна ылайык бир жылдын ичинде 4 жолудан көп айылдык кеңештин сессияларына катышпагандыгына байланыштуу Жазы айылдык кеңешинин депутаты Каракозуев Праталинин депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндо Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Камчибеков |