ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи
2023-жылдын 18-майындагы № 18/90
Жазы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын алты айына коюлган киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жазы айылдык Кенешинин (VII чакырылышын ) депутаттарынын |кезектеги 18-сессиясынын отуруму күн тартибинде киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун негизинде Жазы айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Айыл өкмөттүн бюджетинин 2023-жылдын 1-жарым жылдыгына карата киреше бөлүгүндөгү киреше салыгына 2000,0 миң сом кошумча план киргизилсин.
2. Кошумча киреше салыгынан алынган 2000,0 миң сом акча каражаты төмөндөгү чыгымдарга сарпталсын.
- ЖКХ бөлүмүнүн 3111- беренесине 1500,0 миң сом, 2215-беренесине 300,0 миң сом
- Маданият үйү бөлүмүнүн 2215-беренесине 191,0 миң сом
- Аппарат бөлүмүнүн 2212 беренесине 9,0 миң сом
3. Киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Камчибеков |