Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-январындагы № 1
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджети жана 2024-2025-жылдарга карата бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга Республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусуунда, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-январында айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча долбоору 47 495,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылкы жергиликтүү бюджетинин 70 629-бөлүгүнө 10 500,0 миң сом акча каражаты жана 704 91-бөлүгүнө 655,0 миң сом акча каражаты сарпталышына макулдук берилсин.
3. 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 2023-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголуучу беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
4. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2 жана № 3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
5. Кирешенин болжолу 2024-жылга 55 330,3 миң сомго жана 2025-жылга 58 000,3миң сомго белгиленсин. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.
6. Атайын каражаттарды кирешесинин сметада белгиленген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен жергиликтүү бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.
7. Жергиликтүү бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюуу салынсын.
8. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын 2023-жылга Республикалык бюджети 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндөгү мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз Республикалык бюджетке алынып коюлуусу эскертилсин.
9. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
- ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджетинин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
- ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;
- киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо.
10. 2022-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешине ыйгарылсын.
11. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансыялык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш”боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |