Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-январындагы № 2
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинен пайдаланылбай калган акча каражаттарын 2023-жылда пайдалануу багыттарын бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин, 2022-жылдагы пайдаланылбай калган акча каражаттарын, 2023-жылга карата пайдалануу багыттарын карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн 2-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы пайдаланылбай калган 13 515,1 миң сом акча каражаты, № 1-тиркемеге ылайык 2023-жылга карата пайдалануу багыттары бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тиленбаевго жана айыл өкмөтүнүн финансалык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М. Махмудовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш”боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |