Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 30-декабры № 2-02
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорунун болжолу боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорунун болжолу боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндөгү маселени депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 79-жана 127-беренелерине ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин
долбоорунун болжолу боюнча коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгуу жана экономикалык-социалдык өнүгүү планын даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын:
Төрага: | Б. Дуйшоев |