Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-январындагы № 3
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы № 58-Кесиптик Лицейинин көмөкчү чарбасындагы көп жылдык мөмө дарактары куурап, түшүмдүүлүгү төмөндөп кеткенине байланыштуу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 18-январындагы № 36 сандуу катына негиз
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 18-январындагы чогулушунун протоколу негиз, Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы № 58-Кесиптик Лицейинин көмөкчү чарбасындагы көп жылдык мөмө дарактары карып, куурап түшүмдүүлүгү төмөндөп кеткендиктен мөмөлүү алма дарактарды казып алып, ордуна жаңы көчөттөргө алмаштыруу жана кесиптик лицейдин аймагындагы теректер боюнча инвентаризация жүргүзүп, иш-чаралар иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын, Катта-Тал айылында жайгашкан № 58-Кесиптик Лицейинин көмөкчү чарбасы эсебиндеги 2 га жер аянтындагы, көп жылдык мөмө дарактардын түшүмдүүлүгү төмөндөп, куураган мөмөлүү 225 түп алма дарактарын казып алып ордуна кайра жаңы көчөттөрдү отургузуу жана лицейдин аймагындагы 50 түп теректерди кесип алуу жөнүндөгү № 58-Кесиптик Лицейинин 2023-жылдын 18-январындагы № 220 сандуу каты канааттандырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 токтомунун жалпы жобосунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 токтомунун, 1-тиркемесине ылайык жана 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 231 сандуу токтомунун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жөнүндөгү жобосунун” эрежелеринин негизинде камсыз кылуу жагы жана көмөкчү чарба эсебиндеги, алма дарактарын казып алып ордуна кайра жаңы көчөттөрдү отургузуу, лицейдин аймагындагы 50 түп теректерди жогорудагы мыйзамдардын негизинде кесип алуу боюнча иш-кагаздарын даярдоо жана тиешелүү мамлекеттик органдардан уруксат кагаздарын алуу жагы № 58-Кесиптик Лицейинин директору Ш.Каримовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |