Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-январындагы № 4
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 2022-жылдын 10-мартындагы кезектен сырткаркы № 9-сессиясындагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жер эсебиндеги 1033-контурунда жайгашкан “Сахаба” эс алуу багынын аймагына, мектептин спорт аянтын куруу үчүн 0,15 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү № 4 Токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 22-декабрындагы протоколуна жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 15-январындагы № 14 сандуу катына негиз, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 2-бөлүмүндөгү, 27-беренесинин, 15 жана 20 пунктуна ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 2022-жылдын 10-мартындагы кезектен сырткаркы № 9-сессиясындагы “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жери эсебиндеги 1033-контурунда жайгашкан “Сахаба” эс алуу багынын аймагына мектептин спорт аянтын куруу үчүн, 0,15 га жер аянтын ажыратууга жана жерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү” № 4 Токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
1.“Жаңы-Ноокат” айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жери эсебиндеги 1033-контурунда жайгашкан “Сахаба” эс алуу багынын аймагына мектептин спорт аянтын куруу үчүн 0.15 га жер аянтын жана ушул 1033-контурундан 0.0217 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомду аткарууга алуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча жана “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |