Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 30-декабры № 2-04
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайгашкан муниципалдык мекеме- ишканалардын электр энергиясына жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2025-жылга керектөөчү электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайгашкан муниципалдык мекеме-ишканалардын электр энергиясына жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2025-жылга керектөөчү электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайгашкан муниципалдык мекеме
ишканалардын электр энергиясына жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2025-жылга лимит 1406,0 кВт/с өлчөмүндө бекитилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайгашкан муниципалдык мекеме
ишканалардын электр энергиясына жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна көрсөтүлгөн электр энергиясынын лимитинен белгиленген өлчөмүнөн ашырбоо жагы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б. Дуйшоев |