Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-январындагы № 6
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу "Жаңы-Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата бюджетти жана тарифин бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу "Жаңы-Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2023-жылга каралган бюджетти жана тарифти бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, жергиликтүү бюджеттеги каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүүнү жана Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тазалыгын уюштуруу боюнча чарбалык, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен таштандыларды ташып чыгарууга байланышкан төлөмдөрүн көбөйтүү максатында, Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестицияга тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн 2 жана 17-бөлүкчөлөрүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу "Жаңы-Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча долбоору, жергиликтүү бюджети эсебинен бөлүнгөн субсидия менен 6 168,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. "Жаңы-Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын таштандыларды ташып чыгаруу үчүн ар бир кожолукка айына 100 сом өлчөмүндө бекитилсин жана калган 2023-жылга карата бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 жана № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Таштандыларды ташып чыгаруу тарифтерин, мамлекеттик монополияга каршы курөшүү агенттиги менен макулдашуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу “Жаңы-Ноокат-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А. Эргашевке милдеттендирилсин.
4. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу “Жаңы-Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасынын өздүк бюджетти көбөйтүү максатында: айыл аймагындагы чарбалык, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен таштандыларды ташып чыгарууга байланышкан келишимдерди түзүү, 2023-жылдын 1-июлуна чейин бюджетти жандандыруу жагын аткарууну А.Эргашевго, сапаттуу аткарууну камсыздоо жана тийиштүү чараларды көрүүсү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш”боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |