Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 4
III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоого өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Айылдык кеңеш мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чындоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө Жарлыгы менен дайындалган 2024- жылдын 20-21- декабрь күндөрү өтүүчү III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткаруулучу аракеттердин календарлык планына ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1 тиркемеге ылайык 9 адамдан бекитилсин.
(№ 1-тиркеме тиркелет.)
2. Кара-Шоро айыл өкмөтүндө өкүлчүлүктүү жыйындын курамы калктын санына ылайык 100 делегаттан тураары белгиленсин.
3. Жергиликтүү жамааттар арасында өкүл шайлоо боюнча жыйындар 4-5-декабрь күндөрү №2 тиркемеге ылайык өткөрүлсүн жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин. (№ 2-тиркеме тиркелет.)
4. Кара-Шорно айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйын 2024-жылдын 7-декабрына саат 10:00 гө чакыртылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “мыйзамдуулук адам укугу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |
Тиркеме № 1
Кара-Шоро айылдык кеңешинин
2024-жылдын 28-ноябрындагы
№ 4 токтому менен бекитилген
Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча
жумушчу топтун курамы
З.Кадырбеков – Кара-Шоро айылдык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төргасы.
У.Чымынтаев - Кара-Шоро айылдык кеңешинин жооптуу катчысы. жумушчу топтун катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Маматбек уулу М.- Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн юристи.
Т.Мадоморов – Ак-Жар айылынын айыл башчысы.
Т.Алымканов – Семиз-Көл айылынын айыл башчысы,
Д.Жөкөев -Какыр айылынын айыл башчысы.
Р.Джембеков– Большевик айылынын айыл башчысы.
А.Туташев – Шамал-Терек айылынын айыл башчысы.
О.Артыков – Чалк-Өйдө айылынын айыл башчысы.
Айылдык кеңештин
жооптуу катчысы. У.М.Чымынтаев
Тиркеме № 2
Кара-Шоро айылдык кеңешинин
2024-жылдын 28-ноябрындагы
№ 4 токтому менен бекитилген
III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоого Кара-Шоро айыл өкмөтүндө жергиликтүү жамаатарынын өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын (жыйындардын)
Графиги
к/н | Өткөрүлүүчү оорду | Убактысы | Калктын саны | Өкүлдүн саны | жооптуулар | ||
күнү | сааты | ||||||
1 | Ак-Жар а. С.Султанов ат. маданият үйү | 4.12.2024 | 10:00 | 2194 | 16 | Төрага- Суюнбоев Эрнис. Катчы-
| |
2 | Большевик а. С.Айдаров ат. маданият үйү | 4.12.2024 | 10:00 | 3550 | 26 | Төрага-
| |
3 | Какыр а. Ж.Жусупакматов ат. мад. үйү | 4.12.2024 | 10:00 | 1807 | 13 | Төрага- Жээнбаев Рустамбек Катчы- Ажиева Гулнура | |
4 | Семиз-Көл а. Ж.Анашов ат. маданият үйү | 4.12.2024 | 10:00 | 1179 | 8 | Төрага- Дүйшенбиева Мейликан Катчы- Алымканов Алмазбек | |
5 | Шамал-Терек а. Р.Коңкошов атындагы орто мектебинин актовый залында. | 4.12.2024 | 10:00 | 3666 |
19
| Төрага- Кеңешбаев Руслан Катчы- Маматкулов Садырбек Нишанова Аселкан | |
6 | Ничке.а. Э.Атакулов атындагы орто мектеби. | 4.12.2024 | 14:00 |
| 8 | Төрага- Акматов Кылычбек Катчы- Калыкова Максаткан | |
7 | Чалк-Өйдө а. Жаныбек Казы атындагы орто мектебинин спорт залы. | 4.12.2024 | 10:00 | 1447 | 10 | Төрага- Тойгонбай уулу Дайыр Катчы- Самбетова Кайыргүл | |
8 | Өкүлчүлүктүү жыйындын өткөрүлүүчү орду Ак-Жар а. С.Султанов ат. маданият үйү | 7.12.2024 | 10:00 | 13843 | 100 | Кара-Шоро айылдык кеңешинин төрагасы. Кара-Шоро айылдык кеңешинин жооптуу катчысы. | |
Айылдык кеңештин
жооптуу катчысы. У.М.Чымынтаев