Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-январындагы № 7
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүгү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга Республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-январындагы “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүгү 4 500 000 (төрт миллион беш жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Махмудовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |