Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-январындагы № 8
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылында жайгашкан Н.Найманбаев атындагы орто мектебинин 0.20 га жер аянтына спорт зал куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылында жайгашкан “Н.Найманбаев” атындагы орто мектебинин жеринен жер ажыратып берүү боюнча мектеп жамаатынын 2023-жылдын 16-январындагы кезектеги № 3 протоколун карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 18-январындагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 пунктуна ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылындагы “Н.Найманбаев” орто мектебинин 0.20 га жер аянтына спорт зал курууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, спорт зал куруу үчүн керектелүүчү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |